Кыргызча   Русский





1. Окуп түшүнүү

Тамак-аштар

а) Кыргыздын улуттук тамак-аштары эмнеден жасалганын билип алгыла.
 

Бешбармак – майда тууралган эт менен камырдан жасалат. Үстүнө чык куюлуп аралаштырылат (Бешбармак – блюдо, приготовленное из мелко нарезанных кусочков мяса с добавлением лапши и политое бульоном).

Чучук – жылкынын казысынан жасалат (колбаса из брюшной части лошади).

Куурдак – жаңы союлган малдын ич этинен куурулуп жасалат (блюдо, приготовленное из жареного мяса  с добавлением специй).

Быжы – боор, күрүч, май жана башкалар кошулуп ичегиге салынып жасалат (приготовленное из мелко рубленого мяса и печени с добавлением риса и жира и.д.).

Жөргөм – өпкө менен карын тилке-тилке кылып тилинет, ичеги менен өрүлөт (кушанье, приготовленное из разрезанных полосок лёгких и желудка  переплетённых с кишками).

Олобо – койдун өпкөсүнө сүт менен май аралаштырылып куюлуп жасалат. (блюдо, приготовленное из лёгких овцы (легкие, наполненные молоком и маслом  и сваренные в воде).

Кымыз – бээнин сүтүнөн жасалган суусундук (напиток из кобыльего молока).

Курут – сүзмөнү тоголоктоп, кургатат (высушенные шарики  из отжатого сюзьма)

Жуурат – койдун сүтүнөн уютулган коюу айран (цельное кислое молоко)

Эжигей – койдун же эчкинин сүтүнөн жасалган быштак (особый сорт творожистого сыра из кипячёного овечьего или козьего молока).

Чалап – сүзмөнү же айранды суу менен аралаштырып жасалган суусундук (сюзьма или айран, разбавленый водой).

Жарма – данды кууруп, майдалап, талкан кылат да, талканды сууга чайып кайнатып, жасайт. Айран катыктап ичсе болот (похлёбка из дроблёного ячменя без солода ( пшеницы или ячменя, заправленная молоком).

Максым – ачытылган жарма суусуну (кислый напиток, приготовляемый из дроблёного ячменя без солода).

Боорсок – ачытылган камырдан жасалып, майга бышырылат (хлеб, приготовленный из кусочков дрожжевого теста, жаренный в большом количестве масла).

Каттама – кат-каты менен какталып, бир аз майга какталып бышырылат. Жайылган камырга сары май салынып кайра тоголоктолуп, кат-кат кылып жайылат. Аны казанга кактап бышырат (сдобные слоёные лепёшки).
 



б) Которгула


1. Колбаса из брюшной и рёберной части лошади.


2. Кушанье, приготовленное из разрезанных полосок лёгких и желудка переплетённых с кишками.


3. Блюдо, приготовленное из лёгких овцы.


4. Приготовленное из брюшного жира и прямой кишки лошади.


5. Кислое питьё, приготовляемое из дроблёного ячменя без солода.


6. Цельное кислое молоко.


7. Особый сорт творожистого сыра из кипячёного овечьего или козьего молока.




в) Сүрөттүү тест “Бул эмне?”


1.


2.


3.


4.







г) Сөз айкаштарын  эки тилде өздөштүрүп алгыла

кыргыз даамы  – кыргызская кухня
ата-бабасы  – их предки
рухий дүйнөсү  – внутренний мир
маданий деңгээли  – культурный уровень
өзүнө таандык  – принадлежит только себе
мүнөзгө ээ  – характерный
кырдаалдарга карабастан  – несмотря на обстоятельства
табигый нукуралыгы  здесь: природные свойства
ысык тамак  – горячая пища
тамактардын башаты  здесь: основа основ
чийкилей ичүү  – выпить в сыром виде (не прокипятив)


 



д) Өзүңөрдү текшергиле. Сөздөрдүн котормосун тапкыла.







е) Текстти окугула.
 

Кыргыз даамы

          Дүйнө жүзүндө жашаган ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап жана жеп жүргөн улуттук тамак-аштары болгон. Ар бир эл өзүнүн улуттук рухий дүйнөсүнө,  маданий деңгээлине, жаратылыш шартына жараша тамак жасап келген. Ошондуктан кыргыз элинин да өзүнө гана таандык этникалык тамак-аштары бар. Тамактарды жасоо, бышыруу, даярдоо, тамак берүү салты улуттук мүнөзгө ээ.

         Кыргыз эли өз тарыхында ар кандай кырдаалдарга карабастан өзүнүн каада-салттары менен бирге тамак-аш өнөрүнүн өзгөчөлүгүн, даамын, табигый нукуралыгын сактап келген.

         Элибиз ысык тамактарды, негизинен эттен даярдайт. Алардын ичинен бешбармак, куурдак, чучук, олобо сыяктуу тамактар эттен жасалат. Ал эми сүт – актан болгон бардык тамактардын башаты. Саалган сүттү бышырып ичсе болот. Сүттөн каймак алынат, айран уютулат, сүзмө куюлат, курут  жасалат.

       Бээнин сүтүнөн кымыз жасалат. Ошондой эле уйдун сүтүнөн уй кымыз, төөнүн сүтүнөн төө кымыз да жасашат. Боорсок, калама, каттама да кыргыздын улуттук нан азыктарына кирет.



ж) Төмөнкү сүйлөмдөрдүн иретин абзац боюнча жайгаштырып окугула


 

1

Бээнин сүтүнөн кымыз жасалат.


 

2

Элибиз ысык тамактарды негизинен эттен даярдайт.

3

Ар бир эл өзүнүн улуттук рухий дүйнөсүнө,  маданий деңгээлине, жаратылыш шартына жараша тамак жасап келген.


 

4

Өзүнүн каада-салттары менен бирге тамак-аш өнөрүнүн өзгөчөлүгүн, даамын, табигый нукуралыгын сактап калган.


 


 

Колдонулуучу сөздөр: 1 , 4 , 3 , 2




з) Маанисине жараша сүйлөм түзгүлө.