Кыргызча   Русский


5. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти ролдоштуруп окугула, аңгемелеп бергиле

Сулайман падышанын калыстыгы

          Сулайман акылман падыша болгон. Анын кеменгерлиги, акыйкатчылдыгы төгөрөктүн төрт бурчуна тарайт. Талаш-тартышты калыстык менен чечип берер деп келгендер көбөйөт.

          Бир күнү  анын алдына ымыркай бала көтөргөн эки аял келет. Аялдын бирөө мындай дейт: - Падышам! Биз экөөбүз бир бөлмөдө жашачу элек. Экөөбүз тең бир убакта уулдуу болдук. Алланын буйругу – бул аялдын баласы чарчап калды. Түн ичинде ал чарчап калган баласын менин койнума салып, менин уулумду өзүнө энчилеп алыптыр. Эртең менен карасам, койнумда чарчап калган бала жатат. Экинчи аял чуу салды:

- Жалган! Чарчап калган – сенин балаң. Меники типтирүү. Сулайман жанындагыларга кайрылды:

- Кылычты алып келгиле!

Падыша жалтылдаган кылычты жигитине сунуп мындай деди:

- Бул баланы экиге тең бөлө чаап, экөөнө кармат.

Ошондо биринчи аял бакырып жиберди:

- Чаба көрбө! Чаба көрбө! Падышам, баланы өлтүртпө, андан көрө баланы тирүүлөй бул аялга бердире көр! Экинчи аял камырабай туруп:

- Акылман падышам, туура кыласың. Мейли, бала мага да тийбесин, буга да тийбесин, - деди. Ошондо Сулайман ордунан туруп бараткан жигитинин колунан кармады да:

- Боору ачып, жаны күйгөн аялга баланы бергиле. Уул – ошонуку деп бүтүм чыгарды. Баланы энесине карматканда, ал ымыркайын көкүрөгүнө бекем кысты. Жалганчы аялды болсо, үйдөн кууп чыгышты. Калыс жана адилет падыша ушундай акыйкат иштерди гана жасачу экен.

 



б) Сөздөрдү жана сөз айкаштарын окугула

акылман – мудрый
калыстык  – справедливость
акыйкатчыл  – честный
төгөрөктүн төрт бурчу – здесь: со всех концов света
талаш-тартыш  – спор
келгендер  – пришедшие
ымыркай     – младенец
бир убакта   – в одно времья
уулдуу болдук  – родили мальчика
алланын буйругубу  – по воле бога
чарчап калды    – скончался
менин койнума – здесь: в мою постель
энчилеп алыптыр    – усыновила
чуу салды  – подняла шум
меники типтирүү – мой ребенок живой
мындагыларга – присутствующим
жалаңдаган кылычын  – сверкающий меч
жигитине сунуп – отдавая слуге
экиге тең бөлө чаап – разрубите мечом на две части
экөөнө кармат  – отдай обеим
чаба көрбө  – здесь: не рубите
камырабай туруп – не дрогнув
мага да, буга да тийбесин – не достанется ни мне, ни ей
боору ачып – пожалев
жаны күйгөн – мучающейся
бүтүм чыгарды – вынес решение
көкүрөгүнө бекем кысты – крепко прижала к груди

 

 



в) Сөз айкаштарын которуп, эсиңерге туткула




г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Сулайман кандай падыша болгон?


2. Бир күнү падышага кимдер келет?


3.Эки аял кимди талашып жатышты?


4.Падыша эмне деп буюрду?


5.Энеси ымыркайды кантип сактап калды?


6.Падыша ымыркайдын энесин кантип таап берди?




д) Берилген сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө

1. Сулайман падыша экен.

2. Экөөбүз убакта болдук.

3. Баланы бөлө сал.

4. Сулайман жигитти кармады.

5. Адилет падыша иштерди экен.

Колдонулуучу сөздөр: бир, акыйкат, чаап, болгон, балалуу, акылман, экиге, жасачу, падыша, колунан







е) Сүйлөмдү керектүү сөздөр менен толуктагыла

1. Анын , акыйкатчылдыгы төгөрөктүн төрт бурчуна .

2. Адилет астына бала көтөргөн аялдар келет.

3. Баланы энесине , ал ымыркайын бекем кысты.

4. аялды болсо, үйдөн .

Колдонулуучу сөздөр: кууп чыгышты, тарайт, көкүрөгүнө , Жалганчы , ымыркай , падышанын , кеменгерлиги, карматканда




ж) Берилген сөздөрдүн синонимин, антонимин көрсөткүлө

сөздөр синоним  антоним
байлык
өмүр
акылдуу
адилет
уул
ымыркай
жалган  
падыша

Колдонулуучу сөздөр: акылсыз , жашоо , эркек бала, кедей , кыз , эстүү , наристе , калп , чындык , өлүм , калпычы , калыс , карыя , хан , жокчулук , дөөлөт