Кыргызча   Русский


3. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп бири-бириңерге, досторуңарга айтып бергиле.

Шах-Фазил күмбөзү

       Шах-Фазил күмбөзү – 12-кылымга мүнөздүү архитектуралык эстелик. Ал Ала-Бука районундагы Сафед-Булан кыштагына жакын жайгашкан. Шах-Фазил күмбөзүнүн ичи алгач кооз таштардан кыналып, 12-кылымда ганч (алебастр катырмасындагы материал) менен оймо-чиймеленип кооздолгон. Башкы фасадынын эки жеринен оюк оюлган.

      Кийинки кайра куруулардын негизинде алгачкы көрүнүшүн жоготкон. Дубалдын бурчтары чыгыш жана батыш багытында жайланышып,төрт чарчы формада болгон. Дубал төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулган, үстү алты кырдуу бурчтары тепкич сымал кошумча дубалдар менен кооздолгон. Конус сымал кумпа (купол) менен жабылган. Ичинде элегиялык жана диний маанидеги куфи жазуулары, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн. Диний тексттер араб тилинде, элегиялык тексттер фарсы тилинде жазылган. Ушул жагынан Шах-Фазил күмбөзү башка архитектуралык эстеликтерден өзгөчөлөнүп турат. Күмбөзгө караханиддер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган.

     Эстелик архитектуралык жактан жана көркөмдөлүшү жагынан орто кылымдагы жетишкендиктин жогорку чеги. Ал ЮНЕСКОнун каттоосуна алынган.

б) Сөздөрдү окуп эсиңерге туткула

кооз таштардан кыналып  – плотно пригнанные (укрепленные) красивые камни
оюк  – выдолбленный 
жоготкон  – потерял
көрүнүш  – вид
жантай  – покоситься, покривиться.
чеберчилик  – мастерство
өзгөчөлөнүп турат  – выделяется своими особенностями


в) Сөздөрдү туура которуп кебиңерде колдонгула.




г) Текст боюнча суроого жооп бергиле.


1. Шах-Фазил күмбөзү кайсы кылымга таандык?


2. Ал кайда жайгашкан?


3. Шах-Фазил күмбөзү эмнеден салынган?


4. Күмбөз эмнеси менен башка эстеликтерден айырмаланып турат?




д) Төмөнкү сүйлөмдөрдүн иретин тексттке жараша белгилегиле.

1.

 Шах-Фазил күмбөзү кийинки кайра куруулардын негизинде алгачкы көрүнүшүн жоготкон

2.

Шах-Фазил күмбөзү 12-кылымга таандык.

3.

Анын ичи кооз таштардан кыналып, оймо чиймеленип кооздолгон.

4.

Дубалдардын бурчтары төрт чарчы формада болгон.

5.

Дубалдар төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулган.

6.

Үстү конус сымал кумпа менен жабылган.

Колдонулуучу сөздөр: 3, 5, 1, 4, 6, 2







е) Сүйлөмдөрдүн текстте “бар” же “жок”экенин белгилегиле


Күмбөздүн дубалынын бийиктиги, калыңдыгы жөнүндө маалымат.


Күмбөздүн ички дубалдары оймо-чиймелер менен кооздолгон.


Ичинде диний жазуулары бар.


Диний тексттер араб тилинде, элегиялык тексттер, фарс тилинде жазылган.


Бул күмбөз башка архитектуралык эстеликтерден өзгөчөлөнбөйт.




ж) Сөз айкаштарын маанисине жараша бириктиргиле

1.

12-кылымга мүнөздүү

2.

жогорку чеберчиликте

 

3.

 эки жеринен
 

4.

төрт чарчы


 

5.

конус сымал

6.

башкаруучуларынын биринин

Колдонулуучу сөздөр: Күмбөздүн ички дубалдары, кумпа менен жабылган, формада болгон, Күмбөздүн үстү, сөөгү коюлган, Күмбөзгө Караханиддер мамлекетинин, Анын башкы фасадынын, Күмбөздүн дубалдары, оймо-чиймелер менен кооздолгон, архитектуралык эстелик, Шах-Фазил күмбөзү, оюк оюлган




з) Сөздөрдүн синоним (//), антонимдерин ( x ) жазгыла
Синонимдер:

оюк //
чеберчилик //
оймолонуп //
башкаруучулар //
көркөмдөлүшү //

Колдонулуучу сөздөр: чиймеленип, тешик, төбөлдөр, устачылык, кооздолушу




антонимдер:

кыштак х
жакын х
ичинде х
алгачкы х
төмөн х

Колдонулуучу сөздөр: алыс, жогору, шаар, акыркы, сыртында




и) Боштуктарды ылайыктуу сөздөр менен толуктагыла

1.Шах-Фазил күмбөзү 12-кылымга мүнөздүү .

2. Ал Сафид-Булан кыштагына жакын жайгашкан.

3. Күмбөздүн ичи .


4. Дубалдардын бурчтары формада болгон.

5. жогору карай жантайыңкы курулган.

6. Кийинки кайра куруулардын негизинде башкы көрүнүшүн жоготкон.

Колдонулуучу сөздөр: архитектуралык эстелик , төрт чарчы , Дубал төмөндөн , Ала-Бука районундагы , кооз таштардан кыналган




й) Төмөнкү сүйлөмдөрдү мааниси боюнча бириктиргиле




к) Төмөнкү сүйлөмдөрдүн “туура” же “ката” экендигин белгилегиле


Күмбөздүн ичинде диний маанидеги жазуулар жок


Анын ичинде геомертиялык фигуралар оюп түшүрүлгөн


Шах-Фазил күмбөзү өзгөчө күмбөз


Эстелик ЮНЕСКОнун каттоосуна алынган эмес.