Кыргызча   Русский


3. БИЛИП АЛГЫЛА


        а) Эсиңерге сактап алгыла

Дартка дабаа өсүмдүктөр

Каакым. Тамакты сиңирүү боюнча эң бир табылгыс зат. Андыктан жалбырагынан, тамырынан салат жасаса болот. Өт ооруларына, өнөкөт ич катууга, боор ооруларына өлчөм менен пайдаланса  да болот.

Чалкан. Өт, боор ооруганда жана кан токтотуучу каражат катары  колдонулат. Уйгактын тамыры менен кошуп, кайнатып, чачтын түшкөн жерине басуу керек.


 

 

б) Сөздөрдүн котормосун билип алгыла

бир шыбага                           – доля, часть

тамашакөй                            – шутник

ойдон чыгара салуу                – придумать

тете келерин                         – равносильно

жапа чеккендер                     – пострадавшие

энчиңиз болсун                     – будет вашим



 

в) Текстти окуп, кызыктуу маалыматты билип алгыла

 

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

        Бул сөздүн чындыгы бар. Америкалык психолог Ульям Фрей «бир шыбага күлкү» тамашакөйдүн ойдон чыгара салуусу эмес экендигин белгилейт. Себеби, адамдын организми тамакты кандай талап кылса, күлкүнү дагы андан кем эмес талап кылаары анык. Ульям Фрей изилдөө жүргүзүп, 20 секунддук күлкү 3 мүнөттүк гимнастикага тете келерин, ал жүрөктүн иштешин, кан айланууну жакшыртарын аныктаган. Адам күлүп жатканда көкүрөк клеткаларынын, курсактын, ийиндин, моюндун жана жүздүн булчуңдары жакшы иштейт. Ушуга байланыштуу Америкада күлкүнүн пайдалуулугун чагылдырган жарыялар пайда болду. Мисалы, телекөрсөтүү станциялардын биринде оорулууларга атайын «көңүл ачуу»  программасын тартуулайт. Врачтар күлкүнү нервинен жапа чеккендерди дарылоодо дагы колдонушат. Бул максатта айрым ооруканаларда «юмор бурчтары» түзүлүп, ага жеке пациенттер гана эмес медицина кызматкерлери да абдан кызыгышат. Демек, «бир шыбага күлкү» сиздин дагы энчиңиз болсун.



г) Сүйлөмдөрдү мааниси боюнча бириктирип жазгыла







Дени соонун жаны соо.

В здоровом теле здоровый дух.

 

Биринчи байлык – ден соолук.

Первое богатство – здоровье.

 

Башы оорубагандын кудай менен иши жок.

У кого не болит голова, ему до Бога дела нет. 

 

Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт.

Рана нанесенная языком не заживёт.

 

Ичи ооруган күлкү сүйбөйт.

У кого болит живот, ему не до смеха.

 



е) Макалдардын туура котормосун тапкыла