Кыргызча   Русский


4. Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү


Грамматикалык түшүндүрмө

   Байламталар сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырат.

    Багындырбас байламталар тең укуктуу жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштырат.

 

Алар мааниси жагынан үч топко бөлүнөт:

1. Байланыштыргыч – соединительные: жана, менен, да

  • Жаш – күчү менен, кары – акылы менен.
  • Мен бир аз эс алдым да, чон атама жардам бердим.

 

2. Каршылагыч – противительные

бирок, ошентсе да, анткени менен, ошондой болсо да.

  • Чоң эненин көздөрү күлүмсүрөй түштү бирок, аны Атай байкабай калды .
  • Мен жайлоодо болгон эмесмин, бирок быйыл сөзсүз барам.
  • Биз күн сайын эрте турабыз, ошентсе да жумуш бүтпөйт.
  • Айылда тиричилик түйшүктүү, ошондой болсо да мага көңүлдүү.

 

3. Ажыраткыч – разделительные: же, же болбосо, болсо.

  • Эртең сөзсүз келгин, же болбосо өзүм барам.
  • Быйыл мен же жайлоого, же айылга барам.


а) Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна багындырбас байламталарды койгула.

1. Эмгекчилер жумушту бүтүрүүгө ашыгышты чөптү тез-тез жыйнай баштады.
2. Аларга окуучулар жардамга келишти, чөптү жыйнап салышты.
3. Асан байкең айылга келе албайт, ал чет өлкөгө кеткен экен.
4. Адамды бийик акыл талбас эмгек гана даңкка бөлөйт.
5. Байкем отун жарат, суу ташыйт.

Колдонулуучу сөздөр: ошондуктан , менен, да, же, себеби