Кыргызча   Русский


2. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти угуп, ангемелеп бергиле

 

Чыңгыз Айтматовулуу жазуучу

   Кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында туулган. Анын атасы Төрөкул партиялык кызматкер болгон. Чынгыз атасынан эрте ажыраган. Согуш жылдары ал трактор бригадасынын эсепчиси болуп иштеген.

     Ч.Айтматов  алгач Айыл  чарба  институтунда  окуган, кийин Москвадагы  Жогорку  адабият  курсуна  кирген. Адабият  курсунда  эки  жыл  окуп, аны бүтүргөндөн  кийин  «Литературный  Кыргызстан»  журналынын редактору  болуп  иштеген. 1960-жылдан тартып беш жыл «Правда»  гезитинин  кабарчысы  болуп  иштеген.

      Ч.Айтматов биринчи  чыгармасын  24 жашында жазган. Анын  алгачкы  чыгармалары: “Газетчи Дзюо”, «Ак жаан», «Сыпайчы» , «Асма  көпүрө». Анын  чыгармалары  80ден  ашык  тилге  которулган. Жазуучунун  «Жамийла», «Саманчынын  жолу»,  «Кыямат»  аттуу  чыгармалары  дүйнө элине таанымал. ЮНЕСКО Ч.Айтматовду  чыгармалары  эң  көп  басылган  жазуучу  катары  белгилеген. Ал Эл аралык Джавахарлал Неру жана башка көптөгөн адабий сыйлыктарга  татыктуу  болгон.

     Ч.Айтматов – дипломат, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер. Ал 2008-жылы 80 жаш курагында  дүйнөдөн  кайтты. Кыргыз  эли улуу жазуучусу Ч.Айтматов менен дайыма сыймыктанат.



б) Суроолорго жооп бергиле


1) Ч.Айтматов качан, кайда туулган?


2) Анын бала чагы кандай мезгилге туш келген ?


3) Ч.Айтматов кайдан билим алган?


4) Жазуучунун алгачкы чыгармалары кайсылар?


5) Ал кайсы жылы дүйнөдөн кайткан?




в) Сүйлөмдөрдү маанисине жараша толуктап окугула.

1) Ч.Айтматов Москвага барган.

2) Эл үчүн, эли жөнүндө чыгарма анын максаты эле.

3) Ч.Айтматов чыгармаларын эмес, элин, жерин

жазды деп ойлойбуз.

4) Эли, Мекени үчүн – ар бир адамдын милдети.




г) Төмөнкү сөз жана сөз айкашын колдонуп, тексттин мазмунун кыскача айтып бергиле





белгилүү жазуучу  кабарчы 
Айыл чарба институту алгачкы чыгарма
Жогорку адабият курсу Кыргыз Эл жазуучусу
Эл аралык сыйлык   коомдук ишмер
татыктуу бол  элчилик кызмат

Колдонулуучу сөздөр: жазуу , эмгектениш , таанытуу үчүн , таанылуу үчүн , билим алуу үчүн