Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


Элдик өнөр. Кесип

 

а) Сөздөрдү эки тилде билип алгыла 

устачылык  – мастерство 
зергерчилик  – ювелирное дело 
жыгаччылык  – мастер по дереву (плотник, столяр)
тайганчылык  – человек, занимающийся тайганами (кинолог) 
мүнүшкөр  – сокольник (специалист по тренировке ловчих птиц)
саяпкер  – берейтор, жокей
өрүмчү  –плетельщик (–ца)
кайышчы  – ременщик
ээрчи  – мастер, изготавливающий седла 
түндүкчү  – мастер, изготавливающий тюндюк
уук-кереге матоочу  – изготавливающий унину и кереге 
таптайт  – тренирует  
аңчылык кылат  – охотится 

 



б) Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла







в) Тектти окугула, аңгемелеп бергиле

         Кыргыз элинде эркектерге тиешелүү кесип – өнөрдүн түрлөрү болгон. Алар устачылык, зергерчилик, жыгаччылык, тайганчылык, мүнүшкөр, саяпкер жана башкалар. Мисалы, устачылык  өз ичинен алтын-күмүш, темир, мүйүздү, терини иштеткен чеберлер деп бөлүнөт да, өрүмчү, кайышчы, жыгаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүзчү болуп кооз буюмдарды жасайт. Ал эми саяпкер күлүк, мүнүшкөр бүркүт,  тайганчы тайган таптаса, мергенчи аңчылык кылат.

 

 

г) Тексттеги орусча сөздөрдүн туура котормосун тапкыла

        Кыргыз элинде эркектерге тиешелүү кесип – өнөрдүн түрлөрү болгон. Алар (мастерство, ювелирное дело, мастер по дереву, человек занимающийся  тайганами, сокольник, берейтор) жана башкалар. Мисалы устачылык  өз ичинен алтын-күмүш, темир, мүйүздү, терини иштеткен чеберлер деп бөлүнөт да (плетельщик, ременьщик, мастер по дереву, мастер изговаливающий седла, мастер изготавливающий түндүк, изготавливающий унину и кереге, человек изготавливающий изделия из рога) болуп кооз буюмдарды жасайт. Ал эми саяпкер күлүк ат, мүнүшкөр бүркүт,  тайганчы тайган таптаса, мергенчи аңчылык кылат.

Керектүү сөздөр: түндүкчү, жыгаччы, зергерчилик, уук-кереге матоочу, жыгаччылык, мүнүшкөр, мүйүзчү, өрүмчү, ээрчи, саяпкер, тайганчылык, кайышчы, устачылык.



д) Сөздөдүн туура котормосун тапкыла


1. Ювелирное дело


2. Плетельщик(-ца)


3. Мүнүшкөр


4. Кайышчы