Кыргызча   Русский


5. ОЮН


а) Ким көп билет?

Сүттөн жасалган 12 тамактын түрүн  санап бергиле:

Керектүү тамактын түрлөрү:  быжы, камкаймак, каймак, олобо, жуулган май, сары май, чучук, чөбөгө, айран, сүзмө, күл азык, курут, быштак, эжигей, куурдак, жуурат, бешбармак.

 

 

б) Текстти окугула, аңгемелеп бергиле

      Актан менен Айдар ат минип алышып жайлоого жөнөштү. Апасы алардын баштыгына жарма куюп, нан салып берди. Жолдон аларга карыя жолукту. Эми үчөө андан ары жолдорун улашты. Алар боз үйгө туш болушту. Үйдүн ээси «нан ооз тийип кеткиле», деп аттан түшүрдү. Боз үйдөн  алар  кымыз ичишти. Андан ары жолун улап кетип бара жатышканда, алар жайылып жүргөн койлорду, уйларды жана жылкыларды көрүштү. Бул жайылып жүргөн мал Актан менен Айдардын таятасыныкы эле. Аларды таенеси алыстан эле тааныды. Алардын урматына таякеси кой союп коноктоду. Алар бешбармакка, олобого, быжыга жана таенесинин боорсогуна абдан тоюшту.



в) Тексттеги бош орундарга мааниси жагынан туура келген сөздөрдү койгула

Актан менен Айдар ат минип алышып жөнөштү. Апасы алардын баштыгына жарма куюп, салып берди. Жолдон аларга жолукту. Эми үчөө андан ары жолдорун улашты. Алар туш болушту. Үйдүн ээси «нан ооз тийип кеткиле», деп аттан түшүрдү. Боз үйдөн алар ичишти. Андан ары жолун улап кетип бара жатышканда алар жайылып жүргөн , жана көрүштү. Бул жайылып жүргөн мал Актан менен Айдардын таятасыныкы эле. Аларды таенеси алыстан эле тааныды. Алардын урматына таекеси союп коноктоду. Алар , , жана таенесинин абдан тоюшту.

Колдонулуучу сөздөр: жайлоого, уйларды, бешбармакка, койлорду, кой, быжыга, боз үйгө, жылкыларды, олобого, боорсогуна, карыя, нан, кымыз