Кыргызча   Русский


5. Угуп жана окуп түшүнүү


а) Текстти окуп, билип алгыла

Уолт Дисней – жомоктор мекени

   Дисни Дисней (Уолт Дисней) Чикагодо ирландыктардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Чикагодогу искусство Академиясында окуган. Уолт Дисней АКШнын Лос-Анжелес шаарына келип, агасы Рой менен Голливудда 1923-жылы чакан «Дисней» студиясын түзгөн. Ага-ини 1924-жылы «Алисанын деңиз үстүндөгү күнү» аттуу биринчи фильмин коомчулукка тартуулашкан.

    Дисней өз каармандарынын атагын чыгаруу учун көп каражат короткон. Экранга чыккандан кийин бул каармандар комикстердин беттеринде жарыяланып, миндеген ар кандай буюмдарга тартылган. 1930-жыл «Диснейдин» каармандарына окшош оюнчуктар чыгарыла баштаган. Микки Маустун жана Дональд Дактын образдарын сааттарды, кийимдерди жасалгоолодо колдонушкан. Алардын жардамы менен канчалаган товарлардын  жарнамасы даярдалган. «Дисней» чет өлкөлүктөргө өз мультфильмдерин жана андагы каармандарды сатуу менен жаңы фильмдерге каражат таап турган.

    1950-жылы «Дисней» студиясы «Диснейленд» телеберүүлөрүн даярдай баштаган. Мындан көп өтпөй, Калифорниянын Анахейм шаарында «Диснейленд-парк» көңүл ачуу жайы ачылган. Азыркы учурда 11 тематикалык парк, 2 аквапарк, бир канча теле-радиоберүү түйүнү иштейт. Телекөрсөтүү, туризм, кийим жана оюнчук чыгаруу бизнесинен жылына «Уолт Дисней» компаниясына 22 миллиард доллар киреше түшүп турат.


 

 

б) Сөз айкаштарын эки тилде окугула

коомчулукка тартуулашкан           – представили обществу

атагын чыгаруу үчүн                      – для прославления

каражат короткон                            – израсходовали средства

комикстердин беттеринде               – на страницах комиксов

товарлардын жарнамасы                – реклама товаров

көңүл ачуу комплекси                     - развлекательный комплекс

киреше түшүп турат                        - приносит прибыль (доход)


 

 

в) Сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла.

коомчулукка тартуулашкан

атагын чыгаруу үчүн         

каражат короткон               

комикстердин беттеринде

товарлардын жарнамасы

көңүл ачуу комплекси

киреше түшүп турат



г)Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1) Уолт Дисней кайда туулган?


2) Ал агасы экөө Голливудда кайсы студияны түзгөн?


3) «Диснейдин» каармандарына окшош эмнелер чыгарыла баштаган?


4) Микки Маустун, Дональд Дактын образдарын эмнелерди жасалгоолодо колдонушкан?


5) Уолт Дисней жаны фильмдерине каражаттарды кайдан алып турган?


6) Калифорнияда кайсы көңүл ачуу жайы ачылган?




д) Сүйлөмдөрдү маанисине жараша бирикиргиле





е) Сүйлөмдөрдү маанисине жараша туура түзгүлө.







ж) Төмөнкү сүйлөмдөрдү иретин текстке жараша белгилегиле.

1.

Ага-ини 1924-жылы «Алисанын деңиз үстүндөгү күнү» аттуу биринчи фильмин коомчулукка тартуулашкан.

2.

Ал Чикагодогу Искусство Академиясында окуган

.

3.

1923-жылы Голливудда «Дисней» студиясын түзгөн



 

4.

1950-жылы «Дисней» студиясы «Диснейленд» телеберүүлөрүн  даярдай баштаган.



 

5.

Дисней өз каармандарынын атагын чыгаруу үчүн көп каражат кетирген.



 

6.

Азыркы учурда 11 тематикалык парк, 2 аквапарк, бир канча телеберүү түйүнү иштейт.



 

Колдонулуучу сөздөр: 1, 2, 5, 4, 3, 6







з) Сүйлөм түзгүлө

1.
.

Колдонулуучу сөздөр: Ал, Академиясында, Чикагодогу, окуган, искусство




2

.

Колдонулуучу сөздөр: Ага-ини, тартуулашкан, 1924-жылы, фильмин, коомчулукка, биринчи




3

«» .

Колдонулуучу сөздөр: Дисней, студиясын, түзгөн, 1923-жылы, Голливудда




4

.

Колдонулуучу сөздөр: Дисней, короткон, атагын, каражат, көп, чыгаруу учун, каармандарынын




5

, , т .

Колдонулуучу сөздөр: иштейт, түйүнү, Азыркы учурда, еле-радиоберүү, 11 тематикалык парк, 2 аквапарк, бир канча




и) Бош орундарга туура келген сөздөрдү белгилегиле.


1. «Дисней» студиясы 22 миллиард доллардык кирешени ........ , ........, ........, ....... тармактарынан алат.


2. Көңүл ачуу жайларында кардарларга бир нече ......., ......., ........ тейлөө көрсөтөт.


3.Микки Маустун образы көбүнчө сааттарды жана кийимдерди колдонулган.