Кыргызча   Русский


3. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, өсүмдүк дарысынын касиетин билип алгыла

 

Мумиё

    Мумиё – ар түркүн илдеттерди айыктырууга атамзамандан бери колдонулуп келген, табигий жол менен пайда болгон дары өсүмдүк. Мумиё, айрыкча, Чыгыш өлкөлөрүндө, Кичи, Борбордук жана Орто Азия өлкөлөрүндө, Араб өлкөлөрүндө, Африкада жана башка жерлерде кеңири белгилүү. Мумиёну сөөк, муун, ичеги-карын ооруларын дарылоодо кеңири колдонууга болот. Мумиёнун ар кандай түрлөрү бар.

    Эңилчек мумиёсу – коюу же катуу чайыр сымал зат. Эңилчектердин жашоо-тиричилигинде бөлүнүп чыккан суюктуктан пайда болот.

    Арча мумиёсу – чайыр сымал, чайыр жыттанган, кара-күрөң зат. Арча, карагай, кызыл карагайдын сөңгөгүнөн, тамырынан бөлүнүп чыгат да, суу менен жуулуп, топуракка аралашып, аскалардын жаракасынан куюлуп агып турат. Мумиё, көбүнчө, тоолордо жана ысык жерлерде кездешет.

                                           (Адабий чыгармалардагы табият сырлары. - Б.,2014)



б) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Мумиё кандай өсүмдүк?


2. Мумиёну кайсы ооруларга колдонулат?


3. Мумиё кайда кездешет?







в) Мумиёнун биология, химия предметтери менен болгон байланышын билип алгыла.

1. Мумиё табигый органикалык-миниралдык, комплекс, ал сексенден ашык компоненттен турат.

2. Курамы боюнча мумиёдо  аминокислоталар, карбон кислоталары, эфир майлары, витаминдер болот.

3.Анда алтымышка жакын макро-микроэлементтер бар.

4. Мумиёнун дарылык касиети абдан жогору экендигин илгертеден эле ата-бабаларыбыз билип, колдонуп келишкен.


 



г) Синоним, антонимдерди тапкыла.

өлкөлөр //
илдет //
табият //

кеңири х
суюктук х
ысык х

Колдонулуучу сөздөр: тар, жаратылыш, мамлекеттер, муздак, коюу, оору




д) Сүйлөмдөрдүн текстте «бар» же «жок» экенин белгилегиле.


Эңилчек мумиёсу коюу же катуу зат.


Мумиё табигий жол менен пайда болгон өсүмдүк.


Арча мумиёсу чайыр жыттанган күрөң зат.


Мумиё суунун жээгинде кездешет.