Кыргызча   Русский


5. Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү


                     Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби

                         Порядок слов в предложении

Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби алардын синтаксистик кызматына ылайык аныкталат:

- ээ менен баяндоочтун орду;

- аныктооч жана аныкталгычтын орду;

- толуктооч жана аны башкаруучу сөздүн орду;

- бышыктооч жана аны башкаруучу сөздүн орду;

Мисалы: Актан ойноду.

Мсиалы: Адамга таза аба абдан керек.

Мисалы: Колун тизесине коюп, тегерете отурат.

Ушундай жол менен сүйлөм мүчөлөрүнүн орун алышы сөздөрдүн орун тартиби деп аталат. Бирок бул дайыма эле сактала бербейт. Сүйлөмдүн мааниси, стилдик максатына ж.б. жараша сөздөрдүн орун тартиби өзгөрөт.

 



Өзүңдү текшер


1.Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби кандай аныкталат?


2. Сүйлөмдө аныктооч эмнеден кийин келет?


3.Сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартиби дайыма сакталабы?