Кыргызча   Русский


4. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп билип алгыла.

Сулайман тоосу

    Сулайман тоосу – Ош шаарынын так ортосунан орун алган табигый архитектуралык эстелик. Ал – Ош облусунун символу жана 3000 жылдан бери келе жаткан атак-даңкы. Сулайман тоосу адегенде “Кара-Кух” (кооз тоо) деп аталган.

     Кийинчерек тоонун этегине Сулайман пайгамбардын сөөгү коюлгандан кийин “Сулайман тоо”деп аталып калган. Ошондон бери Сулайман тоосу өзгөчө тарыхый-маданий маанидеги ыйык жай катары эсептелет. Азыркыга чейин жер-жерлерден келгендер ата-бабалардын арбагына куран окутушуп, бала көрбөгөн, ооруган жана башка үмүт-тилегин орундатууну каалагандар тоого атайын барышып, сыйынып кетишет.

     Тоодо сыйына турган 30га жакын мазар, күмбөздөр бар. Тоонун боорунда үңкүр-музей жайгашкан. Сулайман тоосунун башына чыкканда шаар алаканга салгандай көрүнөт. Заңгыраган бийик үйлөр, тасмадай кенен жолдор, бак-дарактар, гүлзарлар, фонтандар шаардын көркүн ачат.
 



 

б) Сөз айкаштарын уккула, эсиңерге сактагыла

тарыхый – исторический
атак-даңкы  - здесь: слава
сөөгү коюлгандан кийин  – после похорон
ыйык жай – священное место
куран окутушуп  – читают молитву
бала көрбөгөн  – бездетный
үмүт-тилегин орундатуу  – исполнить желание
сыйынып кетишет – молятся
тоонун боорунда   – на подножье горы
үңкүр-музей  – музей-пещера
алаканга салгандай – как на ладони

 



в) Сөз айкаштарын туура которуп кебиңерге колдонгула.




г) Суроолорго жооп бергиле.


1. Сулайман тоосу адегенде эмне деп аталчу экен?


2. Эл Сулайман тоосуна эмне үчүн барышат экен?


3. Кыргызстанда ыйык жерлер кайсылар?


4. Сулайман тоосу кайда жайгашкан?




д) Төмөнкү маалыматтардын текстте “Бар” же “Жок” экендигин белгилегиле.


Кийин “Сулайман тоо” деп аталып калган


Сулайман тоосу Ак-Буура дарыясынын жээгинен орун алган.


Ал өзгөчө тарыхый - маданий маанидеги ыйык жер катары эсептелет.


Тоодо сыйына турган мазарлар жок


Тоонун алаканга салгандай көрүнүшү жөнүндө


Сулайман тоосуна түтүк менен суу чыгарылгандыгы жөнүндө







е) Диалогду окугула, уланткыла

- Сиз Бишкектенсизби?

- Ооба, азыр Бишкекте жашайм.

- Бирок туулуп-өскөн жерим – Ош.

- Ош кандай шаар?

- Ош байыркы шаар.

- Анда кандай жайлар бар?

- Шаардын ортосунда тоо бар.

- Тоо бийикпи?

- Анча бийик эмес, бийиктиги 160 метр.

- Оштун кайсы бөлүгүндө жайгашкан?

- Ал Ош шаарынын түндүк-батышында.

- Тоо кандай аталат?

- Сулайман тоо деп.

- Эмне үчүн?

- Сулайман пайгамбардын урматына. Алыстан караганда пайгамбар жаткандай көрүнөт.

- Дагы эмнелер табылган?

- Бабур-хандын кичине ак үйү.

- Бул жер ошондуктан ыйык жер деп жарыяланган экен да?

- Ооба, кызым, ошон үчүн адамдар сыйынууга келип турушат.