Кыргызча   Русский


2. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөздөрдү эки тилде угуп, өздөштүрүп алгыла

ыйманды тазартат – очищает совесть 
адамгерчилик  – человечность 
эрктүүлүк – волевой
күнөөнү жуу – очищать грехи
касиети бар – святость, хорошее качество
таң заар – рассвет

 

 

б) Сүйлөшүүнү окугула

Таене менен жээн неберенин маеги

- Таене, эмне үчүн 30 күн орозо кармашат?

- Балам, мусулман адам  үчүн Орозо кармоо эң ыйык парз.

- Таене, Орозонун кандай пайдасы бар?

Орозонун пайдасы – Кудай алдындагы кетирген күнөөнү жууш, жаман адаттардан арылуу, денени чыңдоо, оорулардан айыгуу.

- Таене, кечке чейин тамак ичпей жүрүп, кечинде ичсе ден соолугу бузулат да?

- Жок, балам, Орозонун өзүнүн касиети бар. Кечинде ооз ачканда тамакты кичинеден, акырындык менен шашпай ичүү керек.

- Таене, бир күндө бир эле жолу тамак жеш керекпи?

- Балам, таң заардан «заарлык» ичет деп коёт, аны ичет да оозун бекитип, күн батканга чейин тамак эмес, суу да ичпейт.

- Таене, «Жарамазанды» качан айтабыз?

- Ушул Орозо айын «Рамазан» айы дешет. Рамазан башталганда эле «Жарамазан» айта берсе болот. Бирок  балам, билип ал, салт боюнча  «Жарамазан» айтканда эч кандай жаман сөздөр кошулуп айтылбашы керек.

- Таене  анда мага «Жарамазан» айтканды үйрөтөсүзбү?

- Ооба, сөзсүз, үйрөтөм, балам.


 



в) Туурасын же катасын тапкыла

КатаТуура1. Орозону ай сайын кармашат.
КатаТуура2. Рамазан айында “Жарамазан” айтылат.
КатаТуура3. Зоорду ооз ачканда ичет.
КатаТуура4. Орозонун отузунчу күнү бүткөндөн кийин «Айт» майрамы болот.
КатаТуура5. Орозо бүткөндөн кийин «Курман айт» майрамы болот.
КатаТуура6. «Айт» майрамында курмандыкка мал союлат.



г) Сүйлөмдөрдү мааниси боюнча бириктирип жазгыла