Кыргызча   Русский


4. БИЛИП АЛГЫЛА


а) Аба-ырайын алдын ала кантип билүүгө болот?

1. Четиндин мөмөсү эрте кызарып, түшүмүнүн мол болушу – оор кыштын белгиси.

2. Токойдогу жаңгактын түшүмү көп болгон жылы кыш катуу келип, кар көп жаайт.

3.Күзүндө козу карындар аз болсо, катуу кыш болушу ыктымал.

4. Туман жерге жакын болсо, күн бат ачылат, тескерисинче жогору көтөрүлсө аба ырайы бузулат.

5. Карагайдын тобурчагы ылдыйкы бутактарына байласа, ошол жылы кыш эрте келет, ал эми үстүңкү бутактарына түйгөн жылы жаз эрте келет.

6. Кайыңдын ширеси көп аккан жыл жаанчыл келет.



б) Суроолорго жооп бергиле.


1.Күзүндө козу карындар аз болсо эмне болот?


2. Кайыңдын ширеси көп аккан жыл кандай болот?


3. Четиндин мөмөсү эрте кызарса, жыл кандай болот?







в) Макалдарды эки тилде окугула

Гүлсүз – булбулдун үнү жок,

Элсиз – ырчынын күнү жок.

Нет соловья без цветка.

Нет певца без народа.


 

Жалгыз дарак токой болбойт.

Одно дерево не лес.

 

Гүл аарыныкы, бал адамдыкы.

Цветок для пчелы, мед для человека.


 

 

 

Г) Макалдарды жаттап алгыла

 

1. Гүлсүз – булбулдун үнү жок,

    Элсиз – ырчынын күнү жок.


 

2. Жалгыз дарак токой болбойт.


 

3. Гүл аарыныкы, бал адамдыкы.



д) Адашкан макалды тапкыла

1. Үнү, жок, булбулдун, гүлсүз, жок, ырчынын, элсиз.

,

.

2. Токой, жалгыз, болбойт, дарак.

.

3. Адамдыкы, аарыныкы, гүл, бал.

, .

Колдонулуучу сөздөр: Элсиз , адамдыкы , аарыныкы , ырчынын , күнү , жок , жок , Гүлсүз , дарак , Гүл , бал , токой , Жалгыз , үнү , болбойт , булбулдун





е) Кызык экен окуп кой.
 

Чөптүн тамырын жеп жаткан Сократты көрүп, бир киши:

– Биздин байга кызмат кылсаң, чөптүн тамырын жебейт элең - дейт. Анда Сократ:

– Чөптүн тамырын жеп көрсөң, байга малай болуп барбайт элең, – деп жооп бериптир.



ж) Туура, катасын тапкыла

КатаТуура1. Токойдогу жаңгактын түшүмү көп болгон жылы кыш жылуу болуп, кар аз жаайт.
КатаТуура2. Карагай тобурчагы ылдыйкы бутактарына байласа, ошол жылы кыш эрте келет.
КатаТуура3. Туман жерге жакын болсо, күн бузулат, тескерисинче жогору көтөрүлсө, аба ырайы бат ачылат.
КатаТуура4. Карагайдын тобурчагы үстүңкү бутактарына түйгөн жылы жаз эрте келет.