Кыргызча   Русский


4. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле

Таттыбүбү Турсунбаева

    Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы, улуттук театрыбыз менен кинобуздун көрүнүктүү жылдызы Т.Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

   Алгач айылдык мектепти аяктап, 1966-жылы  Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык-сүрөтчүлүк институтунун  актердук бөлүмүн бүтүрүп, чыгармачылык жолун Кыргыз  мамлекеттик академиялык драма театрынан  иштеп баштаган.

     Ал өзүнүн каармандарынын ролдорун жөнөкөй турмуш менен байланыштырып, чеберчилик менен ойной билген. Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» спектаклинде Аселдин, «Байыркы жомокто» Зулайканын, К.Маликовдун «Осмонкул» тарыхый драмасында Бүбүнүн, В.Шекспирдин «Ромео жана Жульеттасында» Жульеттанын жана башка көптөгөн спектаклдерде эстен кеткис элестүү ролдорду аткарган.

  Сахнада бар болгону 15 жылдан ашык мезгил жашаган Т.Турсунбаева жеке эле театр сахнасында гана эмес, айрыкча кинодо түзгөн образдары аркылуу кино сүйүүчүлөрүнө да таанымал.

   «Кыргызфильм»  киностудиясында тартылган «Отко таазим», «Арман», «Кызыл алма», «Коңур күз», «Саманчынын жолу», «Процесс», «Ак Мөөр»,  «Сүйүү жаңырыгы», «Атадан калган туяк» жана башка фильмдердеги башкы ролдорду ойногон. Ал көп кырдуу татаал, өлбөс образдарды жеткиликтүү аткарган. Өзүнүн сулуулугу менен элдин эсинде түбөлүккө сакталып калган кино жылдызы катары кеңири белгилүү.

  Т.Турсунбаева «Отко таазим» аттуу фильмде Уркуянын ролун мыкты аткарганы үчүн 1971-72-жылдары Тбилиси шаарында өткөн Бүткүл союздук конкурста «Советтик граждандын эрдигине» деген диплом жана «Кызыл алмадагы» бейтааныш сулуунун образы үчүн Швейцариянын Локарно шаарында өткөн 28-Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда Ардак грамота менен сыйланган.

   1974-жылы театр сахнасындагы жана киноискусствосундагы сиңирген татыктуу эмгеги үчүн «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы» деген ардактуу наам ыйгарылган. Ал 1981-жылы 21-декабрда дүйнөдөн кайткан. Анын ысымы Чаек айылындагы мектепке берилген.

 


 

б) Сөз жана сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла .

көрүнүктүү -  известный(ая, ое)
эстен кеткис - незабываемый
каармандар - герои
турмуш - жизнь
чеберчилик менен ойной  алган - играла с большим талантом.
элестүү - образно
өлбөс образ - вечный образ
жеткиликтүү - доступно
сулуулугу - красота
түбөлүк - вечный

 



в) Текст боюнча суроо-жооп.


1) Т.Турсунбаева ким болгон?


2) Анын чыгармачылык жолу качан башталган?


3) Т.Турсунбаева театрда кандай элестүү образдарды жараткан?


4) Анын кинодо жараткан образдары кайсылар?


5) Т.Турсунбаевага маданият жана искусствого сиңирген эмгеги үчүн кандай наам ыйгарылган?




г) Сүйлөм түзгүлө

1) Т.Турсунбаева Ташкенттеги бүтүргөн.
2) Ал чыгармачылык жолун баштаган.
3) Ал өзүнүн каармандарынын ролун менен ойногон.
4) Т.Турсунбаева Е.Шварцтын «Кар ханышасында» ролун ойногон.
5) Ал сахнада бар болгону жашап өткөн.
6) Т.Турсунбаеванын эң мыкты аткарган ролу – ролу.
7) Таттыбүнүн сулуулугу да, таланты да .

Колдонулуучу сөздөр: 15 жылдан ашык мезгил, А.Н. Островский атындагы институтту, чеберчилик , Уркуя Салиеванын, Ханышанын , Ташкенттен, кайталангыс





д) Төмөнкү жөнөкөй сүйлөмдөрдү маанисине жараша бириктиргиле




ж) Көп чекиттин ордуна ылайыктуу сөздоргө мүчө улап жазгыла.

1) Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда айылында төрөлгөн.

2) Төлөмүш Океевдин «», кино тасмасындагы ролун ойногон.

3) Бул тасмада 30-жылдардагы жана күрөшү чагылдырылган.

4) Т.Турсунбаева Мелис Убукеевдин «» кинотасмасында Ак Мөөрдүн ролун да чеберчилик менен ойногон.

5) Ал «Саманчынын жолунда» Толгонайдын образын жараткан.

Колдонулуучу сөздөр: Отко таазим, Чаек, Уркуянын, Геннадий Базаровдун, байлар, Ак Мөөр, кедейлер





з) Диалогду ролдоштуруп окугула, артисттик өнөр боюнча ой бөлүшкүлө

- Элвира, сен эмнеге өзгөчө кызыгасың?

- Көбүнчө кинолорго кызыгам. Кино жылдызы болуп, кыргыз элин дүйнөгө тааныткым келет.

- Айтканың  ырас, менимче, келбетиң да, талантың да бул өнөргө шайкеш келет. Сага артисттерден кимдер жагат?

 - Мен Таттыбүбү Турсунбаеваны таланттуу, ажарлуу, кино жылдызы, деп эсептейм. Таттыбүбүдөй артист болууга көп чыгармачылык керек.

- Албетте, сен айткандай киного тартылып ар бир каармандын образын жаратуунун өзү – чоң эмгек.

- Мен келечекте Таттыбүбүдөй болгум келет.

- Аракетке – берекет, дейт курбум. Ийгилик каалайм.

- Рахмат.


 

 

 

и) Кино искусствосу боюнча ой бөлүшүү.
 

    - Сен  киного  кызыгасыңбы?

  .........................................................

   - Сага  кандай  кинолор  жагат?

............................................................

   - Сага өзгөчө таасир  калтырган  кино  тасмаң кайсы?

 ...........................................................

  - Кыргыз  кино  тасмалары кызыктырабы?

..............................................................

- Кайсы актердун  же актрисанын ойногону жагат?

................................................................

 - Сенин суктанаган актеруң  ким?

 ............................................................

 - Эл аралык кинофестивалдар  боюнча маалыматың  барбы?

..............................................................

 -  «Оскар» сыйлыгы жөнүндө   эмне  билесиң?

..............................................................

 -Уолт Дисней 1932-жылы Микки-Маус жөнүндө  муьтфильми үчүн  кайсы сыйлыкка татыктуу болгон?