Кыргызча   Русский


3. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөздөрдү эки тилде окугула

эмгекчилер  – труженники
жыйнап жатышкан  – собирали
ашыгышты  – спешили
чөп чапкандар  – косильщики сена
кайтышты  – вернулись


 

б) Тексти окуп чыгып, суроолорго туура жооп бергиле

Чөп чабык

        Эмгекчилер талаада чөп жыйнап жатышкан. Алар жумушту тез бүтүрүүгө ашыгышты, себеби  жамгыр жаап келе жаткан.

        Бул талаадан анча алыс эмес жерде окуучулардын эс алуу жайы бар эле. Окуучулар чөп чапкандарга жардамга келишти да,  жаан жааганга  чейин бат эле чөптү жыйнап салышты.  Анткени  окуучулар эмгекчилерге караганда эки эсе көп  болчу. Ошентип окуучулар лагерди көздөй, ал эми эмгекчилер үйлөрүнө  кайтышты.



Текст боюнча тест


1. Эмгекчилер талаада эмне кылып жатышкан?


2. Алар эмнеге жумушту тез бүтүрүүгө ашыгышты?


3. Окуучулар эмне үчүн чөптү тез эле жыйнап салышты?