Кыргызча   Русский


3. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти  окугула, тасма аркылуу саяпкерлик жөнүндө билип алгыла

Саяпкер

      Саяпкер – күлүк, жорго аттарды таптоочу адам. Саяпкер атты таптаганда арыгын эттендирип, семизин арыктатып, жем-чөбү менен сууну күндө ченеп берет. Атты улам алыстатып чаап машыктырып, суутуп турушат. Ат тапталып, сынга толгондо, ага акырындык менен чабандес жигитти же баланы көнүктүрөт.

        Илгертен күлүк таптаган саяпкер  эл ичинде кадырман адам болгон. Ат сырын  билген саяпкер ар айылдан чыккан.  Саяпкерлик жөн гана кумарпоздук эмес, бул эрдикке  чакырган өтө бийик, ыйык кесип, адамга кубаныч, кыялдануу, толкундануу, умтулуу, сулуулук, керемет берген өнөр.

      Мыкты саяпкер менен күлүктүн жашоосу да, жаны да бир. Саяпкер тулпарын эртели-кеч жүз жолу карап, жанынан  карыш жылбайт, балакайдай асырайт.

          Күлүктү күлүк кылган – саяпкер. Улуу саяпкердин өзүнчө мектеби, сыры бар.

 



б) Сүйлөмдөрдүн котормосун туура тапкыла


1. Устачылык – мастер изготавливающий из железа, бронзы, рога, кости, дерева, кожи, камня различные вещи.


2. Зергер – человек, изготавливающий из золота, серебра, бронзы, драгоценных камней ювелирные изделия.




в) Туура, катасын тапкыла

КатаТуура1. Саяпкер кушту таптайт.
КатаТуура2. Ат чабуучу адамды чабандес дейт.
КатаТуура3. Күлүктү күлүк кылган – саяпкер.
КатаТуура4. Зергер уук, кереге жасайт
КатаТуура5. Мүнүшкөр бүркүт таптайт.
КатаТуура6. Темир уста алтындан, күмүштөн буюм жасайт.



г) Өзүңдү текшер


1. Бүркүт таптаган адам


2. Териден, булгаарыдан буюм жасаган адам


3. Алтындан, күмүштөн буюм жасаган адам


4. Тоо жаныбарларына аңчылык кылган адам