Кыргызча   Русский


2. УГУП ТҮШҮНҮҮ


- Саламатсызбы. - Здравствуйте.
- Саламатчылык. - Здравствуйте.
- Саша, Кыргызстанга качан келдиң? - Саша, когда ты приехал в Кыргызстан?
- Быйыл. - В этом году.
- Алмаз, Кыргызстан – тоолуу өлкөбү? - Алмаз, Кыргызстан горная страна?
- Ооба, тоолуу өлкө. - Да, горная страна.
- Мен тоолорго абдан кызыгам. - Я очень интересуюсь горами.
- Кыргызстанда кандай тоолор бар? - Какие горы есть в Кыргызстане?
- Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо, Теңир Ала-Тоо, Кан-Теңир, Тянь-Шань, Какшаал-Тоо. -Кунгей Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо Тенир-Тоо, Хан-Тенгри, Тянь-Шань, Какшаал-Тоо.
- Кыргызстандын тоолору абдан кооз экен. - Горы Кыргызстана очень красивые.
- Силердин тоолордо кандай кен байлыктар кездешет? - Какие полезные ископаемые есть в ваших горах?
- Биздин тоолордо абдан көп кен байлыктар бар. Мисалы: күмүш, алтын, сымап, темир, коргошун, жез. - В наших горах есть много - В наших горах есть много полезных ископаемых. Например: серебро, золото, свинец, железо, медь, ртуть.
- Алмаз, Кыргызстан кайсы өлкөлөр менен чектешет? - Алмаз, с какими странами граничит Кыргызстан?
- Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен чектешет. - граничит со странами Казахстан, Китай, Таджикстан, и Узбекистан.
- Алмаз, Ысык-Көл деген көл силердеби? - Алмаз, озеро Иссык-Куль у вас?
- Ооба, бизде. - Да, у нас.
-Абдан сонун, андан башка да көлдөр барбы? - Очень хорошо, а кроме этого есть ли еще какие-нибудь озера?
- Ооба, Соң-Көл, Сары-Челек, Чатыр-Көл деген да көлдөрүбүз бар. - Да, Сон-Куль, Сары-Челек, Чатыр-Кол.
- Үй-бүлөбүз менен Соң-Көлгө жакында барганы жатабыз. Саша, биз менен барып келбейсиңби? - Мы с семьей скоро едем на Сон-Куль.Саша, может быть съездишь с нами?
- Алмаз, сунушуңа рахмат. Ата-энем жиберсе барып келем. - Спасибо за приглашение. Если родители согласятся, поеду.
- Макул, Саша, көрүшкөнчө. - Хорошо, Саша до встречи.