Кыргызча   Русский


4. ОКУП, БИЛИП АЛГЫЛА


Шырдак

В 2013 году шырдак был занесен в список мировых нематериальных культурных ценностей ЮНЕСКО.

Шырдак – двухслойный войлочный ковер, у кыргызов одно из самых сложных по своей технике изготовления изделий из войлока.

Он состоит из сшитых между собой, искусно вырезанных и сшитых кусков войлока, представляющая собой своеобразную текстильную мозаику.

Орнаменты на шырдаке представляют собой стилизованные изображения частей животных, например, хвост собаки, рога горных козлов, ногти птиц и.т.д.

Каждый шырдак  по краям должен заканчиваться черно-белой парой цветов. Они символизируют  заснеженные верхушки кыргызских гор.

 

 

 

а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле

Эне мурас

        Биздин энелерибиз түркүн түстөрдүн шайкештигинен турган кооз шырдактарды, ала кийиздерди жасашкан, килем токушкан. Энелер жасаган шырдактын оюуларында кыргыз жергесинин жаратылышы чагылдырылган. Энелердин мурасы болгон шырдак муундан-муунга өтүп, ушул күнгө чейин колдонулуп келе жатат.

        Шырдак – кийизден жасалып үйгө салынуучу үй буюму. Өң бети: ортосу жана чети болуп эки бөлүктөн турат. Анын кыюусу жана жээги болот. Шырдак жасоо үчүн адегенде кийиз жасалат. Шырдактын өң бети болуучу ак кийиз ар кыл түскө боёлот. Андан шырдактын бөлүктөрү бычылат, ар бирине оймо түшүрүлүп, оюлат. Оюлган кийиздин бири оймо, экинчиси бет болот. Булар бири-бирине кынаштырылып, жөрмөлөт. Ортоңку бөлүгү менен четки бөлүгү кыюу аркылуу бириктирилет. Алар шоона менен шырылат. Оюулардын үстүнөн милте (жээк) бастырылып жөрмөлөт. Шырдактын четине айланта ак жана кара кийизден каршы-терши иймек (аламач) бастырылат. Алар кыргыз тоолорунун ак карлуу чокуларынын символу.

 



б) Төмөнкү сүйлөмдөрдүн иретин текстке жараша белгиле

1. Энелер жасаган шырдактын оюларында кыргыз жергесинин жаратылышы чагылдырылган.

2. Ортоңку бөлүгү менен четки бөлүгү кыюу аркылуу бириктирилет.

3. Алар шоона менен шырылат.

4. Шырдак – кийизден жасалат, ал үйгө салынуучу үй буюму.

5. Алар кыргыз тоолорунун ак карлуу чокуларынын символу.

6. Шырдактын четине айланта ак жана кара кийизден каршы-терши аламач (иймек) бастырылат.

7. Өң-бети ортосу менен чети болуп, эки бөлүктөн турат.

Колдонулуучу сөздөр: 7, 5, 1, 6, 2, 3, 4




в) Текстте төмөнкү сүйлөмдөрдүн «бар» же «жок» экенин белгилегиле


Энелердин мурасы болгон шырдак муундан-муунга өтүп, ушул күнгө чейин колдонулуп келе жатат.


Шырдак – кийиз буюмдардын кооз түрү.


Узчулуктун эң мыкты өнүккөн түрү шырдак жасоо.


Шырдак – жерге салынуучу үй буюму.


Шырдакта канаттуулардын сүрөттөрү түшүрүлгөн.


Шырдактын оюуларында кыргыз жергесинин жаратылышы чагылдырылган.


Шырдак жасалуучу кийиз ачык кызыл, көк, сары, жашыл түстөргө боёлот.




г) Сүйлөмдөрдү маанисине жараша туура түзгүлө







д) Сүйлөмдөрдү туура түзгүлө

1.

.

Колдонулуучу сөздөр: мурасы, энелердин , Шырдак




2.

.

Колдонулуучу сөздөр: жерге салынуучу, кооз түрү, Ал , буюмдарынын , кийиз




3.

.

Колдонулуучу сөздөр: Шырдак , жасоо , жасалат, кийиз , үчүн




4.

, , , .

Колдонулуучу сөздөр: түскө боёлот, жашыл , жасалуучу кийиз, сары, көк, ачык кызыл, Шырдак




5.

.

Колдонулуучу сөздөр: оюуларында , чагылдырылган, Шырдактын , жаратылышы , кыргыз жергесинин




6.

, .

Колдонулуучу сөздөр: жаныбарлары , Алар , куштары, жана , кыргыз тоолору




7.


Кайсы жаныбарлардын мүйүзү шырдактын оюусуна түшүрүлгөн?







е) Ырды көркөм окуп, ой жүгүрткүлө

 

Буттары түптүз, мойну узун,

Кериле басса жарашкан.

Суйкайган бугу, маралды,

Суктанып баары карашкан.

Созулган сулуу кыздарды,

Маралга теңеп, баркташкан.

Бугу-марал жомогу,

Бүт ааламга тарады,

Абдан кызык экенин,

Биз да билип алалы.

 

 

 

ж. Ырды көркөм окуп, эсиңерге тутуп алгыла

 

Табият менен бирдикте,

Жашаган кыргыз баласы.

Асманда учкан куш дагы,

Оюмга түшкөн, карачы.

 

 Кыргызда бар чоң өнөр –

Ит агытып, куш салган.

Канат, куйрук, тырмактары

Оюуларда жашаган.