Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


                                       Ден соолук
 

а) Сөздөрдү өздөштүрүп алгыла

өмүрдү кыскартпоо – для продления жизни
зыяндуу адаттан –от вредной привычки
ичкилик ичүүдөн – от алкоголя
жигердүүлүгү – энергично
дем алууну – отдых
кан жүгүртүүнү – кровообращение 
жакшыртат – улучшает
чыдамдуулукту – терпимость 
талап кылат – требует 

 

 

 

б) Текстти окугула

 Спорт – ден соолуктун булагы  

        Ден соолук – бул биздин коомдун социалдык байлыктарынын эң негизгилеринен. Аны сактоо жана чыңдоо – бул жашоонун талабы, адамзаттын милдети. Адамдын дени таза болсо, анын көңүлү ачык болуп, иштеген иши ылдам жана сапаттуу бүтөт.

      Байыркы Римде ден соолукту сактоо боюнча көптөгөн иштер жүргүзүлүп, ден соолукта болуу, өмүрдү узартуу үчүн көп аракеттер жумшалып, ден соолукту бузгандардын бардыгына каршы күрөш жарыялаган. Турмушта туура жашоонун негизгилери – туура тамактануу, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоо, ар бир адамдын өз ден соолугуна жоопкерчилик менен кароо, зыяндуу адаттан, ичкилик ичүүдөн, тамеки чегүүдөн баш тартуу керек. Ден соолукту чыңдоодо жана узак жашоону камсыз кылууда кыймыл-аракеттин жигердүүлүгү зор ролду ойнойт. Эң негизгиси, адамдын ден соолугун чыңдоодо спорттун мааниси бар. Ар түрдүү спорттук көнүгүүлөр дем алууну, кан жүгүртүүнү жакшыртат.

     Азыркы коомдо эң кызыктуу жана эң керектүү кесиптер көп. Кайсы кесип болбосун, чыдамдуулукту талап кылат. Мындай чыдамдуулукту спорттук машыгуулар пайда кыла тургандыгы белгилүү.
 



в) Сөздөрдүн синоним, антонимдерин тапкыла.
синонимдер:

сактоо //
жашоо //
зыяндуу //
ылдам //

Колдонулуучу сөздөр: кыйратуу, өмүр, тез, коргоо




антонимдер:

ылдам х
сапаттуу х
жоопкерчилик х
керектүү х

Колдонулуучу сөздөр: жоопкерчиликсиз, жай, керексиз, сапатсыз




г) Сөздөрдү маанисине жараша бириктиргиле

1. Ден соолук

 

байлык

2. Адамдын дени

иш сапаттуу бүтөт

3. Туура жашоонун

 туура тамактануу

4. Ар түрдүү спорттук

айланууну жакшыртат
 

5. Азыркы коомдо

кесиптер көп

Колдонулуучу сөздөр: таза болсо , эң керектүү , көнүгүүлөр кан , негизи , социалдык




д) Сүйлөмдөр текстте «бар» (туура) же «жок» (ката) экенин тапкыла

КатаТуураДен соолукту сактоо жана чыңдоо – бул жашоонун талабы
КатаТуураАдамзаттын милдети коомго пайдалуу болуу
КатаТуураТуура жашоонун негизи зыяндуу адаттан баш тартуу
КатаТуураСпортко кызыкпаган адам ден соолугун ойлобогону
КатаТуураКайсы кесип болбосун, чыдамдуулукту талап кылат.