Кыргызча   Русский


3. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Ч.Айтматовдун «Делбирим» повестинен үзүндүнү, ролдоштуруп көркөм окугула

- Сен, бала, эмне эле бул жерде жүрөсүң? Бул жер сага кербен сарай эмес! Жөнө, өз жолуңа  түш! Уктуңбу, сага айтып жатам,- деди.

- Машинем бузулуп калды,- деп Илияс машинени оңдомуш болуп жооп берди. Бир маалда жүгүрүп кичинекей кыз келе калды.

- Асел кетип калган! - деп коёт улам секирип.

- Кайда  кетти эле? - деп Илияс кызды кармап алды.

- Мен кайдан билейин. Коё бер! - деп бошонуп алып, тилин көрсөтүп качып кетти. Илияс машинесине отуруп, кайдан Аселди издерин билбей жолго түштү. Анан бир арыктын жанына токтотуп, жерге түшүп, сунала жата калды. Бир маалда көздөрүн ачса, машиненин нары жагында туфличен бут турат. Илияс Аселди жазбай тааныды.

- Өтө бериңиз, кете бериңиз, чоң эне!- деди ал туфлиге.

- Мен чоң эне эмесмин!- деп Асел да тамашаны улады.

- Анда кимсиң?

- Кызмын.

- Сулуусуңбу?

- Өзүң көрүп баала! Анан экөө тең күлүп жиберишти.

- Нагыз сулуусуң!- деди Илияс элжиреп. Асел болсо тал чыбыктай ийилип, чолок жең көйнөкчөн, колтугунда эки китеби бар.

- Менин бул жерде экенимди кантип билдиң?

- Китепканадан келаткам. Карасам, жолдо сенин машинеңдин изи жатат. Асел аны издеп келгенин угуп, Илияс аябай кубанды. Демек, Асел ал жөнүндө ойлойт экен да! «Делбирим, сени эч качан, эч кимге кор  кылбайм», - деп Илияс  айткысы келди...

 

б) Жаңы сөз жана сөз айкаштары менен сүйлөм түзгүлө

делбирим -                                                 

оңдомуш болду -              

чолок жең көйнөкчөн -    

өзүң көрүп баала -            

тал чыбыктай ийилген -

сунала жата калды –

жазбай тааныды –

кор кылбайм  -

 

в) Суроолорго жооп бергиле.

1. Илияс айылга кимди издеп келди?

2. Аселдин апасы ага кандай мамиле кылды? Ал Илиясты жактырдыбы?

3. Асел кайда кеткен экен?

4. Эмне үчүн Илияс Аселдин сөзүнө ыраазы болду?



г) Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн туура, катасын тапкыла

КатаТуура1. Аселдин апасы конокту үйгө киргизип жаткан
КатаТуура2. Аселдин короосунда бир да киши жок экен.
КатаТуура3. Илияс Аселди издеп, китепканага барды.
КатаТуура4. Илияс Аселди дароо эле тааныды.