Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп аңгемелеп бергиле

Манжылы-Ата көлдүн ыйык мазары

         Манжылы-Ата Ысык-Көлдүн Тоң аймагынын чыгыш тарабында жайгашкан. Ал өзүнө жети мазарды камтыйт: Манжылы-Ата, Умай эне, Кырк-Чилтен, Көбөк баатыр, Илим бала, Бугу эне, Мойт аке. Булардын ар биринде булак бар. Ошол булактардын суусунда жети башка даам сезилет. Даамына жараша алар жети башка касиетке ээ.

       Манжылы-Ата эмне себептен мазар болуп калгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Залкар манасчы Мамбет Чокморовдун айтканы боюнча, Жакып менен Чыйырды баласы жоктун айынан так ушул Манжылы-Атага келип, дартын айтып, бата тилешкен дешет.

       Ал эми уламыштардын бирине кайрылсак, эл ичинде кадыр баркка ээ болгон “Манжылы”деген дарыгер адам жашап өткөн экен. Анын күнү бүтүп каза болгондо сөөгүн азыркы Манжылы-Ата мазарына коюшат. Кийин эл Манжылынын сөөгү коюлган жерге арыз-муңун айтып, бара беришет. Ошондон баштап, Манжылы атага эл зыярат кылып калган деген сөз бар.

       Болжолдуу алганда 18-кылымдын аягында 19-кылымдын башында Манжылы-Ата мазарын караган Көбөк дубана деген адам болгон. Ал Манжылы-Атага мечит курган дешет. Дубалынын бийиктиги бир метрден ашык келген мечиттин калдыгы азыр да бар. Майтык аттуу дубана жин оорусу менен жабыркагандарды мазарга алып барып, шам жагып дарылачу экен.

      Азыркы кезде да Манжылы-Ата мазарына ден соолук тилеп, бала тилеп, ага таазим кылып баргандар көп. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн да келип, зыярат кылгандар бар.

                                                                      “Тил жана маданият” № 30, 10.09.2015.


 

б) Сөз айкаштарын окугула

көлдүн улуу мазары 

 – священное место озера 

чыгыш тарабында жайгашкан

 – расположенный на восточной стороне

жети мазарды камтыйт

 – содержит семь священных мест

булактардын суусунда

– в родниковой воде

даам сезилет

 – чувствуется вкус

дарылык касиети

 – лечебные свойства

баласы жоктун айынан

 – от бесплодия 

дартын айтып

 – рассказывая о своем недуге

каза болгондо

 – после смерти

Көбөк дубана

 – целитель Кёбёк 

жин оорусу

 – психическое расстройство

от жагып дарылачу

 – лечил огнем

 



в) Сөз айкаштарын үйрөнгүлө




г) Сүйлөмдөрдүн текстте “бар” же “жок” экенин белгилегиле.


Манжылы-Ата мазарынын жайгашкан жери


Манжылы-Ата эмне себептен мазар болуп калгандыгы жөнүндө так маалыматтар бар.


Жети мазардагы булактар жөнүндө маалымат.


Жакып менен Чыйырды мазарга келип, бата алышкан.


Манжылы билимдүү адам болгон.


Манжылынын сөөгү коюлган жерге эл зыярат кылгандыгы жөнүндө.


Манжылынын ата-энеси жөнүндө маалымат.


Чет өлкөлөрдөн да зыярат кылгандар көп.




д) Сүйлөмдөрдүн туурасын “Т” катасын “К” тамгасы менен белгилегиле.


1. Манжылы-Ата Ысык-Көлдүн Ак-Суу аймагында жайгашкан.


2. Ал өзүнө жети мазарды камтыйт.


3. Жети булактын суусунун даамы бирдей.


4. Даамына жараша алар жети башка касиетке ээ.


5. Манжылы аттуу дубана жашап өткөн


6. Манжылы-Ата эмне себептен мазар болуп калганы жөнүндө так маалымат жок.




е) Сөздөрдүн синоним (ll), антонимдерин (x) жазгыла
синонимдер:

1. ыйык //

2. жайгашкан //

3. зыярат //

4. сезилет //

Колдонулуучу сөздөр: билинет , сыйынуу , касиеттүү , орун алган




антонимдер:

1. бата х
2. ашык х
3. оруу х
4. алыскы х

Колдонулуучу сөздөр: соо, жакынкы, каргыш, кем