Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөз айкаштарын эки тилде окуп өздөштүрөбүз

түндүк-чыгыш

северо-восток

түштүк-батыш

юго-запад
чектешет

граничит

созулат

тянутся (протяженность)
аймактык жактан

территориально

өкүлдөрү

представители

эгемендүү

суверенный

системасына кирет

входит в систему

чоку

пик



б)Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла




в) Текстти окугула, аңгемелеп бергиле


Кыргызстан

        Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Кыргыз Республикасы түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстан батыштан чыгышка 900 км.ге түштүктөн түндүккө 410 км.ге созулат. Кыргызстанда административдик– аймактык жактан 7 облусу, 21 шаары, 42 району, 29 шаар тибиндеги айылдары бар. Калкынын саны 6 миллиондон ашык.

       Кыргызстан – көп улуттуу өлкө. Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Жаңы конституция боюнча – Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык мамлекет. Кыргыз Республикасынын борбор шаары – Бишкек. 1878-жылдан 1926-жылга чейин Пишпек деп аталчу. Ал эми 1926-жылдан 1991-жылга чейин Фрунзе, 1991-жылдын февраль айынан баштап, Бишкек деп аталат. 1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасында өзүнүн улуттук валютасы сом киргизилген.

        Климаты континенталдык. Таза сууга бай. Кыргызстандын дарыялары көбүнчө Сыр-Дарыя системасына кирип, сууга бай.

        Кыргызстан - тоолуу өлкө. Кыргыз тоолорун «Ала-Тоо» деп аташат. Дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бири  «Жеңиш» жана «Ленин» чокулары  кыргыз тоолорунда жайгашкан.