Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Диалогду окугула

Атай шаарда турат. Каникул сайын айылга чоң ата, чоң энесинин тиричилигине жардам берип кетет. Ал быйылкы жайкы каникулда да айылга келди.

- Чоң ата, мен бул каникулда кандай жумуштарды жасайм.

- Биз бул жайда чөп чабабыз, бакчаны сугарабыз.

- Чоң ата, анда бул каникулда жумуштар аз турбайбы?

- Жок, атаң келсе талаадагы эгинди да сугарышканга жардам бересиң.

- Чоң ата, Асан байкем жардам берет да.

- Жок балам, быйыл Асан байкең айылга келе албайт, себеби ал чет өлкөгө кетет экен.

- Макул анда мен жардам берем.

- Атай, сен бир аз досторуң менен ойноп ал, андан кийин жумуштарды баштайбыз.

- Макул, чоң ата.



 



б) Диалог текстти боюнча суроолорго жооп бергиле


1. Атай кайда жашайт?


2. Атай каникулда кайда келди?


3. Каникулда Атай эмне кылат?


4. Асан каникулда кайда кетет?


5. Чоң ата эмне кылат?





в) Атайдын чоң атасынын жомогун ролдоштуруп окуп, билип алгыла

 

Жомокко ат койгула


      Бир күнү малдардын ортосунан талаш чыкты. Ар кимиси өзүнүн адамга керектүүлүгүн айтышты.

- Менсиз кыргыздын көрөр күнү жок. Мен араба ордуна тартамын. Менин жүнүм болбосо, кыргыз жылаңач калар эле, - деп, төө    керектүүлүгүн сүйлөдү.

- Жок, сенден мен артыкмын. Мен адамдын канатымын. Мен кара жумушту баарынан артык кылам. Менин этим, сүтүм эң                    керектүү. Менин сүтүмдөн жасалган кымыз бардык ооруну айыктырат. Менсиз көрөр күнү жок, - деди жылкы.

- Менин этим, сүтүм болбосо кыргыз күн көрө албайт, - деди уй.

- Сүтүм менен этим мындай турсун, менин жүнүм болбосо, кыргыз үйсүз калат. Мен кыргызга мындай акчадаймын, - деди кой.             Эчки да        себебин айтты. Булар чатакташып, кожоюнуна барышты. Ким керектүү сага деп сурашты.

- Баарыңар керектүүсүңөр.  Баарыңдын керегиң бар үчүн багып жатамын деп, таратып жиберди.


 

г) Сөздөрдү өздөштүрүп алгыла.
 

талаш                  – спор 
керектүүлүк       – надобность 
көрөр күн            – здесь: жизнь
баарынан артык – лучше всех 
айыктырат            – вылечит 
майда акчадай      – как мелочь
таратып жиберүү – отпустить всех


д) Төмөнкү маалыматтар кайсы малга тиешелүү экенин белгилегиле

  • Менсиз кыргыздын көрөр күнү жок. Мен араба ордуна тартамын. Менин жүнүм болбосо, кыргыз жылаңач калар эле деди.

  • Жок, сенден мен артыкмын. Менин этим, сүтүм болбосо кыргыз күн көрө албайт.


  • Сүтүм менен этим мындай турсун, менин жүнүм болбосо, кыргыз үйсүз калат.

  • Баарыңар керектүүсүңөр.

Колдонулуучу сөздөр: мал ээси, уй, кой, төө




е) Сүйлөмдү маанисине жараша бириктиргиле.