Кыргызча   Русский


4. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


a) Текстти окугула

«Көз таңмай» оюну

    Көз таңмай – балдар оюну. Адегенде тегерек чийин чийилет. Чогулган балдар тутум (чүчү кулак) кармашып, аны эң аягында кармап калган баланын көзүн таңып, ортого коё берет. Тегеректеги балдар көзү таңылуу балага карматпай качышат, бирок чийинден чыкпайт. Көзү таңылуу бала балдардын дабышы, күлкүсү, сүйлөшүүсү  боюнча боолголоп билип, алардын бирин кармоого аракет кылат.  Ким  кармалса, ошонун көзү таңылат да, оюн андан ары улантылат. Бул оюн балдарды сезгичтикке, ийкемдикке, шамдагайлыкка тарбиялайт.



 

б) Сөздөрдү эки тилде билип алгыла

чийин чийилет  – чертится черта
тутум (чүчү кулак) кармашат  – проводят жеребьёвку
көзүн таңат  – завязывают глаза
боолголоп билет – предполагают 
андан ары улантылат  – дальше продолжается


 



в) Текстти толуктагыла

Көз таңмай – балдар оюну. Адегенде тегерек чийин . Чогулган балдар кармашап, аны эң аягында кармап калган баланын , ортого коё берет. Тегеректеги балдар көзү таңылуу балага качышат, бирок чийинден чыкпайт. Көзү таңылуу бала балдардын , күлкүсү, сүйлөшүүсү боюнча билип, алардын бирин кармоого аракет кылат. Ким кармалса, ошонун көзү таңылат да, оюн улантылат.

Бул оюн балдарды сезгичтикке, ийкемдикке, тарбиялайт.

Колдонулуучу сөздөр: чийилет , карматпай , көзүн таңып , дабышы , андан ары , тутум (чүчү кулак) , шамдагайлыкка , боолголоп




г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле


1) «Көз таңмай» оюнун көбүнчө кимдер ойношот?


2) «Көз таңмай» оюну кандай жерде ойнолот?


3) Көзү таңылган баланын колуна түшкөн бала эмне кылат?


4. «Көз таңмай» оюну балдарды эмнеге тарбиялайт ?