Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөздүктөрдү эки тилде окуп, өздөштүрүп алгыла

тиричилик  – хозяйство, быт
ишембилик  – субботник
көчөт  – саженцы
жайлоо  – пастбище 
кыям  – варенье
кум себет  – сыпет песок
күнөскана  – теплица
байпак түйөт  – вяжет носки
жер айдашат  – пашут землю 
үрөн себишет  – сеют семена 
отоо отолот  – обдирают сорные травы
уй саайт  – доит корову
бээ саайт  – доит кобылу
кийиз жасайт  – делают войлок
шырдак шырыйт  – изготавливают шырдак
мал кайтарат  – пасет скот
жүн тытат  – расчесывает шерсть
ийик ийрийт  – прядёт пряжу
отун жарат  – рубит дрова
от жагат  – зажигает огонь (разжечь костер)
суу ташыйт  – носят воду 
эгин сугарат  – поливает посев 
сүт тартат  – проводит молоко через сепаратор 
сайма саят  – расшивает узоры (вышивает)
чий чырмайт  – обвертывает чий
жем чачат  – рассыпает корм



 


 

б) Өзүңөрдү текшергиле

 

          

          

         

           

          

        

        






в) Шаардагы турмуш-тиричиликтерди  билип алгыла. Шаардагы жана айылдагы турмушту салыштырып, ой бөлүшкүлө.

 Жыл мезгили

Кайсы жумуштар жасалат?

Жазында

Ишембиликтер өткөрүлөт. Көчөттөр отургузулат.

Жайында

Жашылчыларды өстүрүшөт. Эс алууга барышат.

Жайлоого, айылга, лагерге, көлгө  барышат.

Күзүндө

     Кышкыга салат, кыям, ширелерди жасашат.

Кышында

Кар жааган учурларда жолдор тазаланып, кум себилет.

       Көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилет.

  Күнөсканаларда жашылчалар өстүрүлөт. Эс алуучу

жайларда лыжа, чана тебишет.

 

 

г) Айылдагы турмуш-тиричиликти билип алгыла

Жыл мезгили

Кайсы жумуштар жасалат?

Жазында

             Жер айдалып, үрөн себилет, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат, бакчага ар кандай жашылча-жемиштер айдалат, айлана-тегеректер тазаланат.

Жайында

Эгин, жашылча-жемиштер сугарылат, отоо отолот,

жайлоого чыгышып бээ, уй саашат, мал кайтарышат, кийиз жасашат.

Күзүндө

Түшүм жыйнашат, айлана-тегеректи тазалашат, кышка

даярдык көрүшөт.

Кышында

Кар күрөшөт, от жагышат, малды багышат.

  

       

         д) Шаардагы үй-бүлө адамдарынын кызматтары
 

Ата

Жумушка барат, машинесин жуудурат же жууйт, спорт залдарда машыгат.

Апа
 

Тамак жасайт, жумушка барат, конокко барат, үй жыйнайт, сулуулук салонуна барат, фитнес клубга, театрга барат.

Чоң ата

Китепканага барат, неберелерин бала бакчадан алат. Гезит окуйт.

Чоң эне

Дүкөнгө барат, байпак түйөт, неберелерин бала бакчага

алып барат же алып келет, конокко барат.

Уул

Мектепте же университетте окуйт, китепканага, барат,

       компьютерде ойнойт, спорт залдарга барат.

Кыз

Мектепте же университетте окуйт, музыкалык мектепке барат, тил үйрөнүү курсуна барат, үй жыйнайт, дүкөнгө барат.


         

          е) Айылдагы үй-бүлө адамдарынын кызматтары
 

Ата

Чөп чабат, жыйнайт, эгин, жашылчаларды сугарат, мал багат.

Апа

Нан жабат, уй саайт, кийиз, шырдак жасайт, курут жасайт, небересин багат.

Чоң ата

Мал сугарат, мал багат, чалгы курчутат, короо-жайды тазалайт.

Чоң апа

Жүн тытат, ийик ийрийт, шырдак жасайт, чий чырмайт, калама жасайт, тоокторго жем чачат.

Уул

Атасына жардам берет, чөп жыйнайт, суу ташыйт, бакчаны сугарат, короо тазалайт, отун жарат.

Кыз

Үй жыйнайт, сүт тартат, тамак жасайт, боорсок кесет, шырдак шырыйт, сайма саят, дүкөнгө, мектепке барат.

 

 



ж) Айылдагы тиричилик боюнча суроолорго туура жоопту тапкыла.


Шаардагы чоң эне эмне кылат?


Шаардагы чоң ата эмне кылат?


Шаардагы окуучу бала эмне кылат?


Шаардагы окуучу кыз эмне кылат?




з) Берилген сүйлөмдөрдү мааниси жагынан бириктиргиле




и) Сүйлөмдөрдүн котормосун туура тапкыла


1. Бабушка сделала мне красивый шырдак.


2. На пастбище пасется скот.


3. Я с дедушкой косил траву


4. Мама научила меня расшивать узоры, обвертывать чий.


5. После субботника дети пошли в спортивные кружки.