Кыргызча   Русский


2. Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү


Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү

Главные члены предложения
 

Ээ сүйлөмдүн баш мүчөсү, ал мааниси жана грамматикалык жактан баяндооч менен байланышып турат. Ээ ким? кимдер? эмне? эмнелер? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Кыргызстан – таза суунун мекени.

Баяндооч ээнин кыймыл-аракетин, абалын билдирүүчү сүйлөмдүн баш мүчөсү. Баяндооч эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат? кантти? эмне?  деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Кыргызстан – тоолуу өлкө.

 



а) Сүйлөмдүн ээсин тапкыла


1. Кыргызстандын флорасы өсүмдүктөрдүн 4 миңдей түрүн камтыйт.


2. Кыргызстан – тоолуу республика.


3. Түздүктөр менен тоо этектеринде, суу жээктеринде чычырканактуу, талдуу, ит мурундуу жана башка токойлор басымдуулук кылат.




б) Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна баяндооч сөздү койгула


1. Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү . . . .


2. Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн түрү


3. Биздин өлкөдөгү гүлдөрдүн эң жыттуусу