Кыргызча   Русский


3. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Ырды көркөм окугула

 

Жарамазан

Ассалом алейкум, жарамазан!

Он эки айда бир келчү, Орозо жан!

Уктап аткан балдарга умай салам!

Кулак каккан жандарга дубай салам!

Адыр-адыр тоолордон,

Айгыр минип биз келдик.

Айгыр башын тарта албай,

Ушул үйгө туш келдик.

 

Түндүгүнөн Ай өткөн,

Түпкү атасы бай өткөн.

Жабыгынан Ай өткөн,

Жалпы атасы бай өткөн.


Буудан башын тартабыз,

Оору-сыркооң бар болсо.

Отко салып кайтабыз,

Капалыгың бар болсо,

Капка салып кайтабыз!          Б.Алагушов. «Бабалар мурасы»Б.2006.


б) Сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла.

кулак каккан   – внимательно слушающих
адыр-адыр  – холм-холм (через горные холмы)
айгыр минип  – на жеребце
туш келдик  – пришли, приехали 
түпкү атасы  – прадед, предок
буудан башы  – голову скакуна


 



в) Ырды толуктагыла

Ассалом алейкум, жарамазан!
Он эки айда бир келчү, !
Уктап аткан умай салам!
Кулак каккан дубай салам!
тоолордон,
Айгыр минип .
тарта албай,
Ушул туш келдик.

Түндүгүнөн ,
Түпкү атасы өткөн.
Жабыгынан ай ,
атасы бай өткөн.

Буудан башын ,
бар болсо.
Отко салып кайтабыз,
бар болсо,
Капка салып кайтабыз!

Колдонулуучу сөздөр: биз келдик, бай, өткөн, Адыр-адыр, Жалпы, жандарга, үйгө, Оору-сыркооң, балдарга, Айгыр башын , Орозо жан, Капалыгың, Ай өткөн, тартабыз