Кыргызча   Русский


2. ОКУП, КОТОРУУ



а) Маекти уккула

- Айжан, кандайсың?
- Жакшы. Айгерим, өзүң кандайсың?
- Жакшы.
- Айжан, мен сенин үй-бүлөң жөнүндө сурасам болобу?
- Албетте, болот.
- Сенин канча бир тууганың бар?
- Мен беш бир тууганмын.
- Оо, абдан жакшы экен. Улуусу сенсиңби?
- Жок. Улуусу эжем, анан байкем.
- Анда сенин бөбөктөрүң дагы бар турбайбы?
- Ооба, менин иним жана сиңдим бар.
- Айжан, сен анда абдан бактылуу экенсиң. Менин бөбөгүм жок, эжем эле бар.
- Айгерим, сенин ата-энең кайда иштейт?
- Менин атам – куруучу, апам – тигүүчү. А сеникичи?
- Менин атам – инженер, апам – дарыгер.
- Айжан, сенин сиңдиңди тааныйм. Биз бийге чогуу барабыз.
- Жакшы. Демек экөөңөрдүн мугалимиңер Болот агай экен да?
- Ооба.
- Азаматсың, Айгерим! Сен комуз ийримине да, бийге да барганга жетишет турбайсыңбы?
- Ооба, мен убакытты туура пайдаланам. Ошондуктан баарына жетишем.
- Жүрү тезирээк басалы ийримге кечигип калабыз.
- Баса, Айгерим эртең биздикине конокко келбейсиңби?
- Эмне, сенин туулган күнүңбү?
- Жок, менин туулган күнүм өтүп кеткен, бирок бул жыл менин мүчөл жылым. Ошондуктан айылдан чоң атам, чоң энем, туугандарыбыз мени мүчөл жашым менен куттуктап келишет.
- Жакшы. Анда мен сөзсүз барам.
- Күтөм.



б) Туурасын же катасын тапкыла

КатаТуура1. Актандын үй-бүлөсү Бишкекте жашайт.
КатаТуура2. Актан үйдө жалгыз бала.
КатаТуура3. Султан 5-класста окуйт.
КатаТуура4. Алардын чоң атасы, чоң апасынын төрт баласы бар.
КатаТуура5. Бектур мектепте окуйт.
КатаТуура6. Актан быйыл он эки жашка толду.
КатаТуура7. Тилектин атасы - инженер.
КатаТуура8. Тилек Султандын классташы.
КатаТуура9. Актандын атасы алты бир тууган.
КатаТуура10. Айгерим үй-бүлөсү менен шаарда турушат.