Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөздөрдү  эки тилде окуп өздөштүргүлө

сырткары кроме 
катышуу участвовать
үйрөнүп жатам   учусь
дарыгер врач
азырынча   пока
машыгат  занимается (тренируется)
эрке избалованный (-ая)
зээндүү способный  
турушат живут 
урматтайбыз  уважаем
өткөрүшөт проводят
белек кылышат дарят подарок
мүчөл жаш год по Зодиаку
белгилешкен    отмечали 


б) Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла




в) Текстти уккула жана окугула


Досумдун үй-бүлөсү

        Менин досумдун аты Актан. Ал Кара-Балта шаарындагы № 1 орто мектепте 7-класста окуйт. Мектептен сырткары ал комуз ийримине катышып, чет тилдерди үйрөнүп жатат. Атасынын аты – Осмон. Ал кырк тогуз жашта, инженер болуп иштейт. Апасынын аты – Бермет. Ал ооруканада, балдар дарыгери, кырк алты жашта.

          Досум беш бир тууган. Эң улуусу – эжеси. Эжесинин аты - Айгерим. Ал мугалим, бирок азырынча иштебейт. Анткени баласы кичинекей. Жээнинин аты – Айдар. Ал бир жашта. Ал эми эжесинин күйөөсү Эркин банкта юрист болуп иштейт. Жездеси мыкты юрист. Алар Бишкекте турушат.

          Байкесинин аты Бектур. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 4-курсунун студенти. Ал – келечектеги хирург. Байкеси англисче, орусча, түркчө жакшы билет.

          Инисинин аты – Султан. Ал 5-класста окуйт. Султан спортко абдан кызыгат. Ошондуктан ал күрөш менен машыгат.

          Карындашы – Жибек 1-класста окуйт. Ал абдан эрке, бирок жакшы окуйт жана зээндүү.

          Актандын чоң атасы, чоң апасы бар. Алар айылда турушат. Чоң атасынын алты баласы бар. Айылга Актандар тез-тез барып турушат. Актандын чоң атасы менен чоң энеси абдан жакшы адамдар.

          Досумдун чоң атасы менен чоң энеси балдарынын мүчөл жашын эч унутушпай өткөрүшөт. Анткени кыргыздар ар бир он эки жылда бир келүүчү мүчөл жашты гана белгилешкен. Актандын быйыл мүчөлү жашы. Ал он экиге толду. Ошондуктан жакында чоң атасы менен чоң энеси ага тай энчилешти. Туугандары дагы Актанга көптөгөн белектерин беришти. Ата-энеси аларды абдан жакшы коноктошту. Ушул жыл досума абдан жакшы жыл болду. Бул үй-бүлө бир туугандарын, ата-энесин жана улууларды сыйлашат, урматташат.



г) Сөз айкаштарын маанисине жараша бириктиргиле.

1

Актан Кара-Балта шаарында


 

7-класста окуйт

2

Анын атасы


 

инженер болуп иштейт

3

Анын апасы



 

46 жашта

4

Досумдун эжеси


 

азырынча иштебейт

5

Актандын байкеси

медициналык академиясынын студенти

6

Карындашы – Жибек

 

жакшы окуйт

7

Актандын чоң атасынын

 

айылда турушат

8

Актандын мүчөл жашына


 

тай энчиледи

Колдонулуучу сөздөр: балдар дарыгери, кырк тогуз жашта, Кыргыз Мамлекеттик, Айгерим - мугалим, 6 баласы, анын чоң атасы, № 1 орто мектепте, биринчи класста




д) Сөздөрдүн синоним, антонимдерин тапкыла.

азырынча//
күйөөсү//
турушат//
зээндүү //
тез-тез //
өткөрүшөт //
коноктошту //
сыйлашат //


иштейт х
кичинекей х
быйыл х
машыгат х

Колдонулуучу сөздөр: чоң, сыйлашты, жолдошу, машыкпайт, белгилешет, иштебейт, былтыр, акылдуу, убактылуу, жашашат, урматташат, бат-бат




е) Сүйлөм түзгүлө
1.

.

Колдонулуучу сөздөр: банкта юрист, Ал , болуп иштейт, эжесинин күйөөсү, Эркин




2.

, .

Колдонулуучу сөздөр: жакшы билет, түркчө , Байкеси , англисче




3.

, .

Колдонулуучу сөздөр: комуз , ийримине катышып, чет тилдерди, ал , Мектептен сырткары, үйрөнүп жатат




4.

.

Колдонулуучу сөздөр: сыйлашат , үй-бүлө, жана , бири-бирин, Бул , урматташат




5.

.

Колдонулуучу сөздөр: бар, Чоң атасынын, баласы , алты