Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


Маданият жана искусство

 

а) Текстти окуп, түшүнүп алгыла

        Искусство – элдин эстетикалык табитин өстүрөт, адамдарды руханий жактан тарбиялайт. Искусство (өнөр)
көркөм маданияттын негизги өзөгү. Искусствонун сүрөт, музыка, архитектура жана скульптура, театр, хореография, кино, опера жана балет деген негизги түрлөрү бар. Искусствонун ар бир түрү өзүнчө жанрларга бөлүнөт.

      Адабият – искусствонун сөз өнөрүнө негизделген өзгөчө түрү. Себеби сөз турмуштун бардык тарабын кеңири чагылдырат, адамдарга таасир бере алат.

      Музыка-турмушту, адамдын ички сезимдерин музыкалык үн, добуш аркылуу чагылдырган искусствонун бир түрү.

      Сүрөт өнөрү – көрүнүш, кубулуштун жана бир нерсенин элесин тартып берүүчү өнөр. Ага живопись, натюрморт, графика, айкел жасоо кирет. Ошондой эле жасалга-колдонмо өнөрү да бар.

      Театр – оюн-зоок өнөрүнүн бир түрү. Театр оюндарын бир эле учурда көрүп жана уга алабыз. Театрдын драма, музыкалуу опера-балет, пантомимо, куурчак жана башка түрлөрү кездешет.

      Кино өнөрү – өзүнүн табияты жагынан фотографиялык өнөр болуу менен сюжетти, кино сүрөттөрдү бириктирүү аркылуу түзүлөт. Кино өнөрү: көркөм, даректүү, илимий жана мультипликациялык деп бөлүнөт.

      Цирк – спорттук жана башка оюн-зооктор камтылган искусство. Ал жамааттык өнөр.

Архитектура – имараттар менен курулуштарды көркөм кооздогон өнөр тармагы.



 

б) Искусстводогу түшүнүктөрдү билип алгыла.

Адабият, маданият, искусство, музыка, сүрөт өнөрү, театр, кино өнөрү, цирк, архитектура.

 

 

в) Жаңы  сөз  жана сөз  айкаштарын  эки  тилде  окугула

маданият  - культура
эстетикалык табит  - эстетический  вкус
рухий  жактан - с духовной точки зрения  
негизги  өзөгү - основа  
кеңири  чагылдырат  - ясно отражает
таасир  бере  алат  - влияет 
ички  сезимдерин  - внутренний мир  
кубулуш - явление 
бир  нерсенин  элесин - образ чего-либо  
оюн-зоок  - развлечения  
көркөм  - художественный 
даректүү - документальный 
илимий  - научный 
жамааттык  өнөр  – коллективное творчество

 



г) Сөздөрдү которуп, сүйлөө кебиңерде колдонгула







д) Сүрөттүү тест

Төмөнкү  сүрөттөр  маданият  жана искусствонун  кайсы  тармактарын  чагылдырат? Алар  боюнча  билгенинерди  айтып  бергиле .

 



е) Сөздөрдү бириктирип, сүйлөм түзгүлө

1. Адабиятта чыгарма .
2. Сүрөттүн тандап .
3. Музыканын жакшы .
4. Кинодон өнөр .
5. Циркке барышым .

Колдонулуучу сөздөр: мыкты, артык, алдым, жаралды, көрөм, керек, кечикпей, ыргагын, болбос, жакшысын







ж) Ким эмне кылат? Оюну. Өнөр ээлеринин эмне кыларын эстегиле.

         Мисалы:      Сүрөтчү - тартат, сызат, чийет, өчүрөт, боёйт.

         жазуучу -

         артист -

         ырчы -

         бийчи -

         архитектор -

         манасчы -

         дизайнер -

         айкелчи -

         саймачы -

         комузчу –