Кыргызча   Русский


5. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Ырды уккула жана көркөм окугула

    Атанын акылы

Жүр, балдарым жаталы,

Бирок уктаар алдында,

Унутпайлы “батаны”.


 

Жалпы жамаат эл аман,

Жатсын жакшы түш көрүп,

Журтка ынтымак бер анан!


 

Эртең эрте турганда,

Каршылашып жүргөндөр,

Калсын окшоп тууганга.


 

Эртең менен  турганда,

Арам пейил ак болсун,

Окшоп таза жууганга...


 

Кабыл кылсын батаны,

Кана эмесе: “Оомийин!”

Жүр, балдарым, жаталы. Сүйүнбай Эралиев



б) Ырды толуктагыла

Жүр, жаталы,
Бирок алдында,
Унутпайлы “ ”.

Кабыл батаны,
: “Оомийин!”
Жүр балдарым .

Колдонулуучу сөздөр: кана эмесе , балдарым, кылсын, уктаар, батаны, жаталы




в) Ырдагы сөздөрдүн туура варианттарын тапкыла


Эртең эрте ... ,


... жүргөндөр,


Калсын окшоп ... .