Кыргызча   Русский


4. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сүттөн эмне жасалат?
 

Сүттү бир деп оболу,

Майды эки деп коёлу.

Сүзмө, каймак, камкаймак,

Кошулса беш болобу?

 

Тойсо, келгин тобоңо,

Кыңыр ишке жолобо.

Чөбөгөгө чоң тоюп,

Жедиң беле олобо?

 

Кыргыз уулу дегидей,

Малды сүйгүн жерибей.

Жуурат ичип ныксырап,

Жедиң беле эжигей?

 

Сүттү сааган биз жакты,

Эстей жүргүн кыштакты.

Кайдан, кантип алынат,

Билесиңби быштакты?           Эсенгул Ибраев



б) Ырды толуктагыла.

бир деп оболу,
эки деп коёлу.
каймак, камкаймак,
Кошулса беш болобу?

Тойсо, келгин тобоңо,
Кыңыр ишке жолобо.
чоң тоюп,
Жедиң беле ?

Кыргыз уулу дегидей,
Малды сүйгүн жерибей.
ичип ныксырап,
Жедиң беле ?

Сүттү сааган биз жакты,
Эстей жүргүн кыштакты.
Кайдан, кантип алынат,
Билесиңби ?

Колдонулуучу сөздөр: Сүзмө, Сүттү, Чөбөгөгө, Майды, Жуурат, быштакты, олобо, эжигей