2. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Сөздөрдү эки тилде угуп, өздөштүрүп алгыла
ыйманды тазартат | – очищает совесть |
адамгерчилик | – человечность |
эрктүүлүк | – волевой |
күнөөнү жуу | – очищать грехи |
касиети бар | – святость, хорошее качество |
таң заар | – рассвет |
б) Сүйлөшүүнү окугула
Таене менен жээн неберенин маеги
- Таене, эмне үчүн 30 күн орозо кармашат?
- Балам, мусулман адам үчүн Орозо кармоо эң ыйык парз.
- Таене, Орозонун кандай пайдасы бар?
Орозонун пайдасы – Кудай алдындагы кетирген күнөөнү жууш, жаман адаттардан арылуу, денени чыңдоо, оорулардан айыгуу.
- Таене, кечке чейин тамак ичпей жүрүп, кечинде ичсе ден соолугу бузулат да?
- Жок, балам, Орозонун өзүнүн касиети бар. Кечинде ооз ачканда тамакты кичинеден, акырындык менен шашпай ичүү керек.
- Таене, бир күндө бир эле жолу тамак жеш керекпи?
- Балам, таң заардан «заарлык» ичет деп коёт, аны ичет да оозун бекитип, күн батканга чейин тамак эмес, суу да ичпейт.
- Таене, «Жарамазанды» качан айтабыз?
- Ушул Орозо айын «Рамазан» айы дешет. Рамазан башталганда эле «Жарамазан» айта берсе болот. Бирок балам, билип ал, салт боюнча «Жарамазан» айтканда эч кандай жаман сөздөр кошулуп айтылбашы керек.
- Таене анда мага «Жарамазан» айтканды үйрөтөсүзбү?
- Ооба, сөзсүз, үйрөтөм, балам.