2. УГУП ТҮШҮНҮҮ
- Саламатсызбы. | - Здравствуйте. |
- Саламатчылык. | - Здравствуйте. |
- Саша, Кыргызстанга качан келдиң? | - Саша, когда ты приехал в Кыргызстан? |
- Быйыл. | - В этом году. |
- Алмаз, Кыргызстан – тоолуу өлкөбү? | - Алмаз, Кыргызстан горная страна? |
- Ооба, тоолуу өлкө. | - Да, горная страна. |
- Мен тоолорго абдан кызыгам. | - Я очень интересуюсь горами. |
- Кыргызстанда кандай тоолор бар? | - Какие горы есть в Кыргызстане? |
- Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо, Теңир Ала-Тоо, Кан-Теңир, Тянь-Шань, Какшаал-Тоо. | -Кунгей Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо Тенир-Тоо, Хан-Тенгри, Тянь-Шань, Какшаал-Тоо. |
- Кыргызстандын тоолору абдан кооз экен. | - Горы Кыргызстана очень красивые. |
- Силердин тоолордо кандай кен байлыктар кездешет? | - Какие полезные ископаемые есть в ваших горах? |
- Биздин тоолордо абдан көп кен байлыктар бар. Мисалы: күмүш, алтын, сымап, темир, коргошун, жез. | - В наших горах есть много - В наших горах есть много полезных ископаемых. Например: серебро, золото, свинец, железо, медь, ртуть. |
- Алмаз, Кыргызстан кайсы өлкөлөр менен чектешет? | - Алмаз, с какими странами граничит Кыргызстан? |
- Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен чектешет. | - граничит со странами Казахстан, Китай, Таджикстан, и Узбекистан. |
- Алмаз, Ысык-Көл деген көл силердеби? | - Алмаз, озеро Иссык-Куль у вас? |
- Ооба, бизде. | - Да, у нас. |
-Абдан сонун, андан башка да көлдөр барбы? | - Очень хорошо, а кроме этого есть ли еще какие-нибудь озера? |
- Ооба, Соң-Көл, Сары-Челек, Чатыр-Көл деген да көлдөрүбүз бар. | - Да, Сон-Куль, Сары-Челек, Чатыр-Кол. |
- Үй-бүлөбүз менен Соң-Көлгө жакында барганы жатабыз. Саша, биз менен барып келбейсиңби? | - Мы с семьей скоро едем на Сон-Куль.Саша, может быть съездишь с нами? |
- Алмаз, сунушуңа рахмат. Ата-энем жиберсе барып келем. | - Спасибо за приглашение. Если родители согласятся, поеду. |
- Макул, Саша, көрүшкөнчө. | - Хорошо, Саша до встречи. |