Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

ТОКТОГУЛ ЖАНА КОМУЗ

     Сибирде түрмөдө жүргөндө Токтогулдун орус, украин, татар, казак, кыр­гыз достору акча чогултушуп, акынга орустун балалайкасын сатып беришкен. Акын балалайкага комуз тээгин коюп, ага кыргыз күүлөрүн, башка элдердин ырларын чертип берчү экен. Токтогул күүлөрүндө элдин тарткан оор азаптарын комуз кайрыктары менен берген.

     Токтогул Сатылганов акыры түрмөдөн орус революцио­нер досторунун жардамы менен качып чыккан. Ал комузун койнуна катып, жөө, айлап-жылдап жүрүп отуруп, ата - журтун аман-эсен көргөн. Токтогулдун тилеги кабыл болуп, жаңы заман орногон. Кедейлерге эркиндиктин таңы аткан. Азаттыктын туусу желбиреп, теңдикке жетишкен. Акын 1933-жылы 69 жашында дүйнөдөн кайткан.

К. Ж у с у п о в

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Табышмактуу жаныбарлар

           Тубаса дүлөйлөр: жылан аба аркылуу тараган үндү укпайт. Бирок жер кыртышы аркылуу тараган толкунга өтө сезгич келет. Ошондуктан жыланга кыйкырсаӊ да укпайт. Ал эми чыбык алып жерди чапсаӊ, дароо качып жөнөйт. Чымын, үлүл, деӊиз жылдызчасы, чиркейлер да үндү угушпайт. Бирок алардын көрүү жөндөмдөрү жакшы өнүккөн. Өтө жытчылдарга кирген курт-кумурскалардын даам жана жыт сезиши адамдыкынан 10-100 эсе күчтүү. Алардын даам сезгич органдары тумшугунда, муруттарында жана алдыӊкы буттарында да бар. Чымын, көпөлөктөр алдыӊкы бутун суюктукка малып көрүп эле анын даамын билишет. Алар абадагы жытка да абдан сезимтал келишет. Мисалы, көпөлөктөрдүн айрым түрлөрү, өз жубайларын жытынан 3-11 чакырым аралыктан эле сезет экен. Ошондуктан, чымындар, коӊуздар айбандын жаӊы ташталган тезегинини жытын алыстан эле сезип, заматта үйүлүп калышат. Иттер болсо 2 миллиондой жытты бири-биринен ажыратып билет.