Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Кызыл китеп

     Көпчүлүк адамдар Кызыл китеп жөнүндө уккан, бирок, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын кайсы түрлөрү ага киргендигин аз эле киши билет. Андан да азы бул түрлөр эмне себептен Кызыл китепке кирип калган жана аларды сактап калуу үчүн эмне кылуу керек экендигин билет. Биринчи Кызыл китеп 1985-жылы басып чыгарылган. Түрлөрдүн тизмеси Өкмөт тарабынан бекитилет, Өкмөт бул түрлөргө өзгөчө коргоону камсыз кылууга милдеттүү. 2005-жылы Кыргыз республикасынын Өкмөтү китептин экинчи чыгарылышы үчүн тизмени бекиткен. Китеп 2007-жылы жарыкка чыккан. Кыргызстандын Кызыл китебине кирген өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын тизмеси менен «Кыргызстандын жандуу жаратылышы» деген энциклопедиядан тааныша аласыӊар.

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Кургакчылыкка чыдамдуу балыктар

         Австралиянын түштүк райондору кургакчыл келет. Мындай климатка айбанаттар да ыңгайлашууга аргасыз болушат. Айрыкча сууда жана кургак жерде жашап кеткен балыктын түрлөрү таң калтырат. Жаан көпкө жаабай калганда, балыктар жашоо үчүн күрөшөт. Алар топурактын нымдуу кыртышына сойлоп кирип жашынышат. Денесиндеги атайын бөлүп чыгарылган кабыкча менен орошот. Мындай чепте балык 4-5 ай кургакчылыктан коркпой жашай алат.