Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Өткөн чак

   Кыймыл – аракеттин болуп өткөндүгүн билдирип, эмне кылды? эмне болду? деген суроолорго жооп берет.

   Уӊгуга –ды (-ди, -ду, -дү, -ты, -ти, -ту, -тү) мүчөсү уланып жасалат.

 

Мисалы:

Ким?

Эмне?

Эмне кылып жатат?

(Учур чак)

Эмне кылды?

(Өткөн чак)

Күзөтчү кайтарып жатат кайтарды
«Кызыл китеп» сатылып жатат сатылды
Корукчу иштеп жатат иштеди
Карышкыр тиштеп жатат тиштеди
Мал доктур дарылап жатат дарылады
Ак илбирс тамактанып жатат тамактанды

 

Өзүӊдү текшер!

   Таблицага учур чактагы бул сөздөрдү өткөн чакка келтирип,  мүчөсүн туура улап жайгаштыр.

(жазып жатат, келе жатат, ойноп жатат, көрүп жатат, атып жатат, кетип баратат, жолугуп жатат, күтүп жатат)

-ды  
-ди  
-ду  
-дү  
-ты  
-ти  
-ту  
-тү