Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Кара жорго   

                       

Комузчу

                                                                                                                      Обону элдики,

                                         сөзү Т.Үмөталиевдики

 

Ой, комузчу, комузчу,
Чертип койчу комузду.
Элжиресин эт жүрөк,
Бийик чыгар добушту.

Муратаалы чал тарткан,
«Сынган бугу», «Камбаркан»,
Ушул сонун күүлөрдү
Уккан жандар таӊ калган.

Ойго келбейт убайым,
Оюнуӊа тунайын,
Токтогулдун «Ботоюн»
Чертип койчу угайын.

Жерде эмес, бийик көктөсүӊ,
Жаныӊан кыздар кетпесин.
Козгоп-түзөп койдуӊ бейм
Жүрөгүмдүн тепкесин.

Ниязаалы сайраткан.
Боз торгойдой айдаткан.
«Сары Барпы» күүнү черт,
Тыӊшасын булбул чарбактан.

Аккуу канат каккандай,
Дарыя жылып аккандай.
Элестетем бир туруп.
Жаштар бирге баскандай.