Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 10 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

БИЗДИН ЖЕРДЕШИБИЗ

Михаил Васильевич Фрунзе – биздин жердешибиз.

Ал мурдагы биздин Пишпек шаарыбызда туулган.

Михаил Васильевич өлгөндөн кийин Пишпек шаары анын фамилиясына которулуп, Фрунзе шаары деп аталып калган.

Фрунзе шаары —  Кыргызстандын борбору болгон.

Азыр бул шаар Бишкек деп аталат.
 

Биздин жердешибиз Михаил Васильевич Фрунзенин туулган үйү азыр музей болгон.

Бул музей Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө турат.

 

Өзүңдү текшер!

БИЗДИН ЖЕРДЕШИБИЗ

    Михаил Васильевич Фрунзе – биздин жердешибиз. Ал мурдагы биздин Пишпек шаарыбызда туулган. Михаил Васильевич өлгөндөн кийин Пишпек шаары анын фамилиясына которулуп, Фрунзе шаары деп аталып калган. Фрунзе шаары —  Кыргызстандын борбору болгон. Азыр бул шаар Бишкек деп аталат.
      Биздин жердешибиз Михаил Васильевич Фрунзенин туулган үйү азыр музей болгон. Бул музей Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө турат.