Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Ата-эне тууралуу бир-эки ооз сөз

    Бардыгынан сүйүктүү биздин ата-энебиз. Ата-энебиз бизди төрөлгөндөн баштап багып өстүргɵн. Атабыз биз үчүн кышында суукка тоңуп, жазында ысыкка күйүп, мал бакты. Энебиз эмчегин эмизип, ысык-сууктан сактап, «кагылайын, каралдым» деп өстүрдү. Ата-энебиз биз чоңоюп, эс кире баштаган соң балам үлгүлүү жана билимдүү болсун деп, билим берди. Ар убакта биздин билимдүү болушубузду чын көңүлү менен тиледи. Ар дайым бизге жакшы үмүт-тилек, насаат айтып, чыныгы адам болууга багыттады. Ошондуктан аларга жакшы кызмат кылалы.  Көӊүлдөрүн калтырбай, баталарын алуубуз керек.

(Туӊгуч агартуучу Эшенаалы Арабаевдин «Алиппе» китебинен)



Туура которгула!




Өзүӊдү текшер!
Берилген сөздөр боюнча сүйлөмдөрдү түзгүлө.

.

Колдонулуучу сөздөр: ата-энебиз, Бардыгынан, биздин, сүйүктүү




Экинчи сүйлөм

.

Колдонулуучу сөздөр: төрөлгөндөн, өстүргɵн, бизди, багып, Ата-энебиз, баштап




Үчүнчү сүйлөм

.

Колдонулуучу сөздөр: Ошондуктан, кылалы, жакшы, аларга, кызмат




Төртүнчү сүйлөм

.

Колдонулуучу сөздөр: алуубуз, керек, Көӊүлдөрүн, баталарын, калтырбай







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ

Таанып билели

            Өсүмдүктөрдүн арасында эбегейсиз зорлору бар. Алар – Африкада өсүүчү баобаб жана Америкада өсүүчү мунарадай бийик секвойя дарагы. Баобабдын сөңгөгүнүн жоондугу тогуз метр келет.

         Секвойянын бийиктиги жүз отуз метрге жакын. Ал эми сууда жашоочулардын эң зору – кит, кургакта жашоочулардын эң чоңу – пил.

         Бирок эң кичинекей жаныбарлар менен өсүмдүктөр да бар. Көлмөлөрдө жашоочу хлорелла деген балырды көз менен көрө албайсың. Ал кишиге болсо да космоско барып келген. Космос кемесинин ичиндеги көмүр кычкыл газын сиңирип алып турган.

         Хлорелла космонавттар үчүн кычкылтекти бөлүп чыгарып, абаны тазарткан.