Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

Толубай сынчы

    Бир күнү Азиз хан жан-жөкөрлөрү менен уудан жолу болбой келе жаткан. Ошондо ээн талаада олтурган бир караанга көзү түшөт. Барып билип келүүгө жан-жөкөрлөрүн жөнөтөт. Келген жан-жөкөрлөрдүн суроосуна жооп болбойт. Ошондо Азиз хан өзү келет. Бул Толубай экенин, алдындагы куу баш Алпамыштын атынын башы экенин укканда шылдыңдап күлүшөт.

    Азиз хан Толубайды сарайга алдырып бүт жылкысын сынатмакчы болот. Арасынан күлүк таап бер! деп кыйнайт. Ошондо сынчынын алдынан нечен-нечен күлүктөр, жорголор өтөт. Ал эми сынчы эч башын көтөрбөйт. Хан:

- Ордодо дагы ат барбы? - дейт.

Бир гана кулдун жаман аты калганын айтышат.

- Алдыргыла! - дейт хан.

Бир убакта кула ат келет араң гана илкий басып. Сынчы ордунан ыргып туруп:

- Ханым, анык күлүк мына! - дейт.

    Ызасы келген Азиз хан сынчынын эки көзүн оюп салат. Ошондо ал хандан бир гана «жаман» атты берүүсүн өтүнөт. Сынчы «жаман» атты 40 күн жер алдына багат. 40-күнү Азиз хан адаттагыдай эле уудан кайтып келе жатканда, сынчы кула атты минип, хан алдынан чыгат. Кемпири ээрдин алдына минип, өзү учкашып алган болот.

- Кана, ханым, бул алдымдагы ат, баягы өзүң көргөн боз жаман ат. Эгер күчүң жетсе, кууп жетип ал, -дейт да «чу» коёт. Ошондо эч бир ат кууп жете алган эмес экен.

«Замана кандай кары, кандай кенен,

Закымдап учкан сайын түбү терең.

Ушундай унутулгус бир күндөрдө,

Кыргыздан Толубай сынчы өткөн экен», - деп бул адам жөнүндө уламыш гана айтылып келет.

ТАБЫШМАКТАР

Тору тайды жетелеп,
Тоого чыгам энтелеп.
Тоодон ыргып мен минем,
Типтик ылдый желдирем.

 

Тийсе келет,
Тийбесе кетет,
Бирок аны кууса жетет.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Аш көп болсо, каада көп.

Когда много пищи, тогда  много празднований.

 

Мейманыӊдын өзүн бакпай, атын бак.