Жаңыдан төрөлгөн баланы Канымжан жоолукка ороп, бал кошуп мурдатан даярдалган сары май менен оозантты. Жаңы төрөлгөн бала үч карын майды үч саатка жеткирбей жеп койду. Сегиз бээ, толгон мал союлуп, жаңы төрөлгөн бала үчүн аялдарга жентек берилди.
Кермеде байланып турган алтымыш атты четинен минип, Жакыпка сүйүнчүлөп, туш-тушка чабышты. Жакыпты издегендердин ичинен Айбалта биринчи көрүп, жакындап барса, кула бээден туулган ак сур кулундун тумшугун сылап, аны энесине эмизип жатыптыр.
Уулдуу болдуң деп сүйүнчү укканда, а дегенде Жакып эси ооп, талып калат. Кийин эсине келгенде чөнтөгүнө кол салып, бир баштык алтын берет. Андан тышкары жылкыдан тандап тогузду ал, төөдөн төртөөнү, төрт уруу малдан төрт тогузду алгын дейт.
* * *
Балалуу болгондон кийин Жакыптын мурдагы сараңдыгы жоголот. Чоң той берип, баласынын атын коймок болот. Тойдо балбан күрөш, эр эңиш, ар кандай тамашалар болуп, ат чабылып, ырчылар ырын ырдашат. Тойдун салты бир жумага созулат.
Бай Жакып баласын этегине салып келип, отургандарга «Ат коюп бергиле» деп кайрылды.
Отургандар канчалык аракет кылганы менен оозуна ылайыктуу бир ат келбеди. Аңгыча кайдан экени белгисиз, колунда асасы бар, бир дубана пайда болуп:
- Уруксат берсеңер, балага атты мен коеюн,-деди.
- Коюңуз, коюңуз! — дешип баары тең чуулдашты.
- Аты Манас болсун, — дубана кол жайды. Кары-жаштын бардыгы тең бата кылды.
С. М у с а е в