Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Колго суу куюу

    Колго суу куюу - үйгө келген конокко көрсөтүлгөн сыйдын бири. Көбүнчө эркек балдар колго суу куят. Суулукту сол ийинге илип, чылапчынды четинен кармап, жылымык суусу бар кумганды, же чайнекти оң колго кармап, эт жээрде солдон оңду көздөй колго бөлүп-бөлүп чачыратпай куюшу зарыл. Ошондо колун жууп жаткан адам: «Тилегиңди берсин!», «Бар бол!», «Өмүрлүү бол!», «Ойлогон оюңа, тилеген максатыңа жет!» деген сыяктуу баталарын берет.
Эт желип, бата тиленип бүткөндөн соң ыкчамдатылган (кол күйбөгөндөй) суу оңдон солго (аяк өйдө) куюлат.
    Балага суу куйдуруу - салт. Анда конокту сыйлоо адеби жатат.

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Апельсин

         Апельсин – цитрус уруусундагы дайыма жашыл мөмө дарагы. Анын бийиктиги он эки метрге жетет. Апельсиндин мекени – Индия жана Түштүк Чыгыш Азия болуп эсептелет. Бул өсүмдүктүн гүлү ак, жыттуу болот. Мөмөсү таттуу жана ширелүү келет. Анын курамында ар түрдүү витаминдер көп кездешет. Мөмө кабыгында жана жалбырагында эфир майы болот. Апельсин жетимиш беш жылга чейин мөмө байлайт. Сортторунун төрт тобу белгилүү. Көп сорттору Бирмада жана Кытайда белгилүү. Европада апельсин он бешинчи кылымдан бери өстүрүлөт.