Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Жаӊы жыл Нооруз   

           

Нооруз майрам

                                                    Сөзү, обону Г. Эсенгулованыкы

Токсондогу энем айтты
Эстеп жаштык күндөрүн,
Нооруз күнү тагынгам дейт
Мончоктордун түрлөрүн.
Кайырма:
Нооруз, нооруз – эски майрам,
Жаӊы доорго кыл кадам.
Бул майрамда болбосо экен
Кубанбаган бир да адам.

Чертчи, ата, эски күүдөн,
Шаӊдуу күүлөп комузуӊ.
Элге жакшы маанай берсин,
Күлкү берсин Ноорузум.
Кайырма:

Нооруз, нооруз – эски майрам,
Жаӊы доорго кыл кадам.
Бул майрамда болбосо экен
Кубанбаган бир да адам.


Мына кайра жайнап күлдүӊ,
Нооруз – унут калганым.
Сени даӊктап ырдайт, ырдайт
Бүгүн кыргыз балдарыӊ.
Кайырма:

Нооруз, нооруз – эски майрам,
Жаӊы доорго кыл кадам.
Бул майрамда болбосо экен
Кубанбаган бир да адам.