Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Уңгу жана сөз жасоочу мүчөлөр.

   Сөздүн маани берүүчү негизги бөлүгү уӊгу деп аталат. Мисалы: күн, ай, жыл ж.б.
   Уӊгуга уланып жаӊы маанини билдирген сөздү пайда кылган мүчөлөр сөз жасоочу мүчөлөр деп аталат.

Уӊгу Сөз жасоочу мүчөлөр Жаӊы сөз
жылкы
кой
-чы
-чу
-чү
-чи
жылкычы
бой
акыл
күч
-луу
-лүү
-дуу
-дүү
-туу
-түү
бойлуу
өнөрлүү
бала -лык
-тык
балалык
кыргыз -стан Кыргызстан
соода -гер соодагер
өнөр -поз өнөрпоз

 

Өзүӊдү текшер!

   Сөздөргө  мүчө улап жаӊы сөздү таблицага туура жайгаштыр.
(акыл, кой, өтүк, бий, илим, тартип, жыт, жаш)