Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

АБЫШКА МЕНЕН НЕБЕРЕ

    Абышканын карылыгы жетти. Көзүнөн шор агып, кулагы катуулай баштады. Кашыкты оозуна жеткирерде колу калтырап, тамакты төгүп алчу болду. Абышканын мунусу уулу менен келинине жакпады. Алар абышканы дасторконго бирге отургузбай, тамакты карапа аяка куюп, бөлөк берчү болду. Бир күнү карапа аяк абышканын колунан түшүп, сынып калды. Ага уулу менен келини аябай ачууланды. Анан тамакты жыгач аяка беришчү болду.

    Бир күнү абышканын небереси жыгачтан бир нерсе жасап жатты. Баласынын эмне кылып жатканынын апасы ме­нен атасы сурап калды. Ит аяк жасап жатканын, алар картайганда тамакты ушуга куюп берерин айтты. Апасы менен атасы кызарып, бири-бирине карашты. Ошол күндөн тартып абышкага шарт түзүштү.

ТАБЫШМАКТАР

Өзү тоголок, топ эмес,

Шаары бар, үйү жок,

Дайрасы бар, суусу жок.

 

Суусу бар,  ичүүгө болбойт,

Жолу бар, жүрүүгө болбойт,

Шаары бар, басууга болбойт.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Карынын сөзүн капка сал.

Слова старца собирай в мешок.

 

Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.

Лежащее на земле яйцо станет летающей в небе птицей.