Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА АЙТЫП БЕРГИЛЕ.

СИЛЕР ДА СҮРӨТ ТАРТКАНГА МАШЫККЫЛА.

 

НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕКТЕПТЕ

1, 2-сүрөт. Сүйлөмдөрдү туура которгула. Переведите предложения.

Бүгүн Нооруз майрамы. Бул күнү 4-класстын балдары бий бийлешти. Кыздар жана балдар кооз көйнөктөрүн кийишти. Конокко ата-энелер жана башка класс жетекчилер келишти. Майрам көңүлдүү өттү.

Сегодня у нас праздник Нооруз. В этот день ученики 4 класса танцевали танец. Девочки и мальчики одели красивые костюмы. В гости пришли родители и другие классные руководители. Праздник удался на славу.

3-сүрөт. Сүйлөмдөрдү туура которгула. Переведите предложения.

Кыздар кызыктуу жомокту көрсөтүштү, ырларды айтышты. Алар жаныбарлардын костюмдарын кийип, ролго киришти. Конокторго бул чакан сахналашкан жомок жакты.

Девочки показали интересную сказку, рассказывали стихотворения. Свои роли они показали, одев костюмы животных. Гостям понравилось представление сказки.

4-сүрөт. Сүйлөмдөрдү туура которгула. Переведите предложения.

Бүгүн биздин класста сынак өттү. Биздин топтун аты «Сулуулар» деп аталды. Сынак абдан кызыктуу болду. Ар кандай тапшырмаларды аткардык. Топто ынтымактуу  иштедик. Биздин сынакка меймандар келишти.

Сегодня в нашем классе прошел конкурс. Нашу группу назвали «Красавицы». Конкурс был очень интересным. Мы выполняли разные задания. В группе работали дружно. К нам на конкурс пришли гости.

5-сүрөт. Сүйлөмдөрдү туура которгула. Переведите предложения.

Бул сүрөттө окуучу балдар отурушат. Алар бир тапшырманы аткарып жатышат. Мугалим суроо берсе, ойлонуп жооп берип жатышат.

На этой фотографии мы видим учеников. Все они выполняют одно задание. Учитель задает вопрос, они стараются ответить на него.