Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 10 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

СУУСАМЫР

Суусамыр — биздин жайлоо.

Жайында мында көп мал жайлайт.

Кышында мал короолорго кыштайт.

Мал үчүн жем-чөп көп камдалат.

Койлорду койчулар багышат.

Кой короолорго жакын жерге чөп үйүлгөн.

Койчулар жемди, чөптү үзбөй берип турушат.

Суусамырда жылкы да бар.

Жылкыны жылкычылар багышат.

Койдун, жылкынын, уйдун жана башка малдын душманы — карышкыр.

Малчылар малды карышкырдан сакташат.

Карышкырга мергенчилер капкан салышат.

Карышкырды мылтык менен да атып алышат.
 

Койчуларда короочу иттер бар.

Иттер түн ичинде короону сак кайтарышат.

Өзүңдү текшер!

СУУСАМЫР

     Суусамыр — биздин жайлоо. Жайында мында көп мал жайлайт. Кышында мал короолорго кыштайт. Мал үчүн жем-чөп көп камдалат. Койлорду койчулар багышат. Кой короолорго жакын жерге чөп үйүлгөн. Койчулар жемди, чөптү үзбөй берип турушат. Суусамырда жылкы да бар. Жылкыны жылкычылар багышат. Койдун, жылкынын, уйдун жана башка малдын душманы — карышкыр. Малчылар малды карышкырдан сакташат. Карышкырга мергенчилер капкан салышат. Карышкырды мылтык менен да атып алышат.
Койчуларда короочу иттер бар. Иттер түн ичинде короону сак кайтарышат.