Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

 

Көкөмерен

Илгери-илгери өткөн бир замандарда ушул азыркы Нарын турган жер учу-кыйры көрүнбөгөн чытырман түнт токой болуп, анда не бир түркүн жан - жаныбарлар күн кечиришип, не бир сонун түмөн түрлүү канаттуу куштар безеленип сайрап турчу дешет. Мына ошол ажайып бейиш бакты мекендеп, аңчылыкты кесип туткан кыргыздардын моңол деген уруусунан Көкө аттуу ары балбан, ары көзгө атар мерген чыгыптыр. Ал ата кесибин улантып, мергенчилик менен күн кечирип жатканда, өзүнүн жериндеги азыраак элди кара тумоо, чечек, сынга, мерес сыяктуу дабаасыз дарт каптап, жумурай журттун шаштысын, тынчын алат. Ошондой дарттын азабынанбы, же жоокерчилик замандагы уруулар ортосунда тез-тез болуп туруучу кандуу кагылышууларданбы, айтор, эл абдан кыйналат, бирок ырыстуу ынтымакчылыктан, касиеттүү кайрымдуулуктан кайтышпайт, бири-бирине кол кабыш кылып, журт уюткусу бөлүнбөйт.

Ошондой күндөрдүн биринде Көкө мерген аң уулоого ба­рат, бирок көзүнө эч нерсе чалдыкпай, колуна мүдүр нерсе урунбай, ойду-тоону бүт кыдырып, арып-ачып келе жатса, алдынан бир бугу ойт берип чыга калат. Мерген анын артынан түшүп кубалап, жаасын тартып калат. Кийик жараланганына карабай карагай аралап качып олтурат. Баатыр из кубалап артынан барса, кийик бир асканын түбүндөгү ташка жыгачтан жөлөп, үстүн карагай, арчанын бутактары менен жаап жасалган жарты алачыктын жанына токтойт. Аңгыча  алачыктан тери шым, кемсел, башына малакай кийген бир байбиче чыгып, ага аралдуу кийикти көрсөтүп:

- Мен кайберендин ээси болом. Сен «элимди багам» деп, кайберендерди эсепсиз кырып тукум-курут кылдың. Кайберендердин учугу уланбас болду. Касиеттүү кайберен эненин каргышына калдың. Мындан ары өзүң кырган кайберендерге жем бол, — деп каргап, көздөн кайым болот.

Ошондо элин багам деп аңчылык кылып, бирок табияттын мыйзамын бузуп, кайберендерди ашыкча бүлгүнгө учураткан Көкө мерген чөпкө айланып, жараланган кийик болсо, аны жеп сакайып кетет.

Ушундан улам бул чөптү эл Көкө Мерген деп жүрүп, бара-бара көкөмерен атанып, жабыркаган жарааттарга шыпаа, дабаасыз дарттарга даба болуучу чөп чай катары колдонулуп келет. Көкөмерен гүлүнүн көк болгону Көкө мергендин көк мылтыгынын өңү экенин билгизет имиш.

ТАБЫШМАКТАР

Тогуз жолдун тоомуна,
Казык каккан ким экен?

 

Бети кара безгелдек,
Бешик чаап отурат.
Кашы кара безгелдек,
Кашык чаап отурат.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Темирдин кадырын уста билет.

Ценность железа знает мастер.

 

Устасы кандай болсо, шакирти ошондой болот.

Каков мастер, таков будет и ученик.

 

Билгениӊ бир тогуз,
Билбегениӊ токсон тогуз.
Бирди билсеӊ, миӊди билбейсиӊ.

Знаешь девять,
А не знаешь девяносто девять,
Знаешь одно, а не знаешь – тысячу.